19 март 2013, 09:44

Байлыгын чыгарган олигархтар жана дос-туугандан ажыроону ойлонуп жаткан Президент

«Кыргызстанды сактоо үчүн» кыймылы 13-мартта курултай өткөрөт дегенден бери түрдүү имиштер коомчулукту дүрбөтүп жиберди. Атүгүл президент Алмазбек Атамбаев дүйшөмбүдө коомдук каналга курган маегинде төңкөрүшкө аракеттер көрүлүп атканын, анын артында Бакиевдер турарын, бирок мындай аракеттен натыйжа чыкпастыгын билдирип элди жайгаргансыды. Айткандай эле экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин курултайы тынч жыйынтыкталды. Төңкөрүш, революция болот имишине чындап эле ишенип алышканбы, айтор, айрым олигархтар бизнесин сыртка чыгара баштаганы кабарланды.

Сөзүбүз кургак болбошу үчүн кулагыбыз чалган нерселерди ортого жаялы. ЖоКедеги депутаттардын бири бизнесинин жарым-жартылайын кошуна Казакстан менен Россияга чыгарып кеткени тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Ошондой эле оппозициячыл депутаттардын бири болгон-толгон мүлкүн, имараттарын сатып, Россияда бизнес ачканын эшиттик. 

Байлыгын сактап калыштын амалын көрүп Россия, Казакстандан ыңгайлуу жай издеп жүрүшсө, бараандуу партия лидерлеринин бири Россиядагы эки заводун 300 млн. долларга сатып, океандын ары жагында ишкерлик менен шугулданууга билек түрүнө киришкенин угуп таңгалдык. Олигархтар, бизнесмендер тегин жерден кооптонушчу эмес эле, бул тейине караганда, жакынкы мезгилде демаралда стабилдүүлүк болбойт өңдөнөт…

Митингдер 24-мартта уланабы?

«13-марттагы митинг тынч өттү» деп алаканын ушалап отургандардын сүйүнгөнү эрте. Жеке булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, 24-25-мартта ири нааразычылык акциясы уюштурулганы жатыптыр. Анда парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу, өкмөттү отставкага кетирүү, Конституцияны өзгөртүү талаптары коюлушу ыктымал. Кызыгы, бу митингдин көмүскөдөгү «режиссерлору» кадимки Үсөн аке Сыдыков жана анын уулу Бакыт Сыдыков, Досбол Нур уулу баштаган экс-аткаминерлер деген кеп бар. Мунун чын-бышыгына 24-мартта жетебиз го…  

Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы: «Бизге парламентаризм жарабайт экен…»

- 15-марттан тартып парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабы менен митинг өтөрүн жарыяладыңыз эле. Нааразычылык акциясы борбордук аянттан башталабы?

- Өлкөбүздө кырдаал абдан курчуп баратат. Ал эми биз төңкөрүш, революцияны колдобойбуз. Биз саясый күрөштү маданияттуу түрдө жүргүзөбүз. Мындан улам акцияларды жер-жерлерде өткөрүү чечимине токтолдук. Учурда Чүй облусунун тургундары менен жолугушуп жүрөбүз.

- Ошол эле парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу талабы коюлабы?

- Кыргызстанга парламенттик система ылайыксыз экенине күбө болдук. Ошон үчүн тез арада парламенттик башкаруудан баш тартышыбыз керек. Бүгүнкү парламент менен узакка барбайбыз… 

Булак: "Жаңы Агым”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020