19 марта 2013, 10:02

А.Эркебаев: Мен бул парламенттин өз мөөнөтүнө чейин иштешин туура көрөм

 
А.Эркебаев: Мен бул парламенттин өз мөөнөтүнө чейин иштешин туура көрөм
20 жыл ичинде канча жолу ар кандай митингдер, жол тосуулар болуп, кан төгүүлөр, өлүм житимдерге жол берилди. Эми ар нерсенин чеги болот да, адам топук кылыш керек», дейт Улуттук илимдер академиясынын (УИА) президенти Абдыганы Эркебаев «Парламент» телеберүүсүндө.

Ал белгилегендей, башынан тынчтыкты, ынтымакты бийик тутат. Анын пикиринде, парламент ар кандай чыр-чатактар, нааразычылыктар тынчтык жол менен чечилүүчү орган, ал мамлекеттин чыныгы бир саясий формасы. Бул жолку парламент чыныгы Европалык парламентти көздөй нук алгандыгын, ошонун башатында парламент ар кандай алгачкы кадамдарды жасап жаткандыгын баса белгилеген А.Эркебаев катачылыктар, кызыл кандуулук, адашуулар болбой койбойстугун айтты. «Бирок, жалпысынан алганда, түпкүлүгүндө, менимче, мындай, сабырдуулук, токтоолук, элди, мамлекетти ойлогондук сөзсүз бар, ошол үчүн мен бул парламенттин дагы өз мөөнөтүнө чейин иштешин туура көрөм», - дейт УИА президенти.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter