19 марта 2013, 10:27

Учурда Ө.Бабанов каршылаштарын НТС телеканалы менен тийсе-тийбесе да улам-улам соктуртуп жаткан кези

Учурда Ө.Бабанов каршылаштарын НТС телеканалы менен тийсе-тийбесе да улам-улам соктуртуп жаткан кези
Эмне үчүн 2005-жылы 24-март ыңкылабынан кийин, Айдар Акаев өлкөдөн качып кеткенден кийин, «НТС» телеканалына Өмүрбек Бабанов кожоюндук кылып калган?, - деп суроо чалат «Назар пресс» гезити 19-мартта чыккан санында.

Эгер жаңылышпасак бул телеканал ал учурда акырындап Максим Бакиевдин карамыгына өттү эле. 2010- жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийин Лондон шаарынан кайтпай калган Максим Бакиевдин «мүлкү» болгон бул каналга кандайча Бабанов ээлик кылып калды? Бирок, бул телеканалдын кожоюндары Кыргызстандык эмес, эл аралык шылуундар. Минтип айтылып жатканынын себеби, НТС телеканалынын негиздөөчүсү «Аянт» ЖЧКсы.

Ал 2001-жылы оффшордук зона катары эл аралык коомчулукка

таанылган «Сейшел аралында» катоодон өткөн. (Бул ЖЧКнын

мүчөлөрү көзгө көрүнбөгөн, бирок аттары бар, Библиядагы Торадагы Михаил, Гавриил, сыяктуу «периштелер» болсо керек.)

Ушунун өзү сөзсүз күмөн жаратат. Бул каналдын менчиктик формасы да, кожоюндары да улам-улам өзгөрүп турат. Мүмкүн алар азыр Курандагы Жебрейил, Исрафил деген периштелер чыгаар.

Айрым маалыматтарга таянсак, бул каналдын тең ата кожоюндарынын бири, өткөн 90-жылдары Чечен согушу жүрүп жаткан кезде Россиянын Борбордук Банкынан жасалма авизо (банктарда-ири суммадагы акча ордуна колдонуучу баалуу кагаз) аркылуу миллиардаган рублдерди алып чыгып кетип, ошондон бизнесин түптөп улантып кеткен чечен улутундагы Зия Бажаев да болгон. З.Бажаев 2000-жылы («Совершенно секретно» атуу холдинг компаниясынын ээси (еврей улутундагы) Артем Боровик менен) авиакатастрофадан каза болгондон кийин анын байлыгы иниси Муса Бажаевге өткөн. Ал эми «Альянс Групп» компаниясынын ээси М.Бажаев 2006-жылы К.Бакиевдин кабыл алуусунда болгондон көп

өтпөй «Кошой», «Кайыңды кант» заводдоруна ээ болгон. Ал кезде Ф.Кулов өкмөт башчысы болчу. «Альянс Групп» негизинен нефть менен ири бизнес жасайт.

Ө.Бабанов НТС телеканалы Кыргызстанга пайда болгонго

чейин эле Бажаевдер менен нефть сатуу боюнча кызматташ болуп калган. Баса, ушундай байланыштан уламбы, Акаевдер Москвага качканда НТС каналы Ө.Бабановго «бир саам» өтө калган.

Бакиевдер качкандан кийин, бул телеканалдын 40 пайыз акциясы Ө.Бабановдун жээни Жаныбек Сыдагаалы уулу деген жигитте болсо, калган 60 пайыз акциясы М. Бажаевде болушу мүмкүн, эгер ал башка бирөөлөргө каттатып койбосо.

НТС телеканалы бир эле Бишкекте эмес, Украинанын Севастополь, Россиянын Иркутск шаарларында бар. Демек, медиа сеть.

Учурда Ө.Бабанов каршылаштарын НТС телеканалы менен

тийсе-тийбесе да улам-улам соктуртуп жаткан кези.

Эмне үчүн сырткы күчтөр башка өлкөлөрдө массалык медиа

айдыңдарды түзүп алышат? Биринчиден, идеологиялык максатта, экинчиден, коомдук пикир жаратып, керектүү адамдарын бийликке алып келиши үчүн, үчүнчүдөн, жакшы, сапаттуу медиа- бул жакшы бизнес.

Ал эми сырткы күчтөрдүн «оокаты» улуттун кызыкчылыгын эч

качан көздөбөйт.

Учурда, эл арасында «Бабанов бийликти алат экен» сөздөр

дагы эле жүрүп жатат. Бийликтеги, бийликтен сырттагы бай болгурлар, мээ коротуп, аңдуу жүргүзүп, күч коротуп отурбай Бабанов «бийликти алам десе» эч каршылык көрсөтпөй эле, Ак үй, Көк үй, Сары үй жана дагы башка үйлөрдүн эшиктерин кененирээк ачып берип, жардамдашып койгулачы. Бул жигит нөөкөрлөрү менен канча күн турат экен. Анткенибиз, эл «айранды үйлөп ичип калышкан» эмеспи.

Булак : Назар
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter