19 марта 2013, 10:41

Ош-Бишкек авиакаттамы боюнча унаа билети 500 сомго арзандады

 
Ош-Бишкек авиакаттамы боюнча унаа билети 500 сомго арзандадыОш-Бишкек авиакаттамы боюнча  унаа билети 500 сомго арзандады. Бул тууралуу Ош эл аралык аэропортунун директору Талип Токуров билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

«Учак билеттеринин  басын эл үчүн арзандатып берүү максатында КР Трансопрт министрлиги жана авиакомпаниялардын жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстандын түштүк аймагындагы облустарды кыдырып чыктык. Максатыбызга жеттик десек болот. Анткени жабыла көтөргөн жүк жеңил болот демекчи, ар бир тармак өз киреше чыгашаларын тактап, жүргүнчүлөр үчүн жеңилдик кылууга бел байладык», - дейт ал.

Анын айтымында, натыйжада Ош-Бишкек унаа билетин 500 сомго, ал эми Жалал-Абад-Бишкек жана Баткен-Бишкек унаа билеттерин 300 сомго арзандатуу кечими кабыл алынды.

«Негизинен, аэропорттордун кызмат көрсөтүү наркын арзандатуу жана керосин бааларын төмөндөтүү менен бааларды түшүрүүгө жетиштик», - дейт Т. Токуров.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter