19 марта 2013, 10:50

“Эл аралагыч”, "көр башы" Каныбек, кайдасың?

“Эл аралагыч”, "көр башы" Каныбек, кайдасың?
Өткөн 2012-жылы залкар драматург, бүт өмүрү театр өнөрү менен байланышкан, Кыргызстан Жазуучулар союзун кыйла жыл жетектеп келген маркум Токтоболот Абдымомунов 90 жашка чыкмак. Бул инсандын ысымын алып жүргөн кыргыз драма театры торколуу 90 жылдык мааракесине даярданып, драматургдун "Абийир кечирбейт” драмасын кайрадан сахнага алып чыгат.

Т.Абдымомуновдун 90 жылдыгы экендигин "Кемин коомунун” тың чыкмасы, Акаевдин убагындагы эрке бала, Бакиевдин бийлигинде "подпольеге” кирип кетип, анан эле 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында курман болгондорду түбөлүк жайына коюуга "көр башы” боло калган, азыркы "арнамысчыл”, "чет элдерди аралагыч” (Жогорку Кеңеште эл аралык байланыш комтетинин төрагасы дегенибиз) депутат Каныбек Иманалиев да келип, театрдын администрациясына: "Мен өзүм бул иш-чарага киришем. Жогорку Кеңештен токтом чыгартып, агабыздын мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөзөбүз” деп убада берет. Бул маараке жөнүндө жердеши Акаевдин учурунда "дуулдап жүрчү”, азыр Славян университетинде проректор Күмөн Исаков да жакшы билчү экен. Театрдын жамааты болсо, "театр Токтоболот Абдымомуновдун ысмын алып жүрсө, жердештери театрга келип, спектаклди көрүп, чыгармачыл жамаатка жакшы каалоо айтып кетишээр” деп, жыл аягына чейин күтүшөт. Тилекке каршы, К.Иманалиевдин айткан убадалары ошол бойдон калат. Ошентип, кеминдиктер кайран залкарды, анын ысымын алып жүргөн театрды эстен чыгарышыптыр. Эл ичинде "ит эле болдуң, сарбагыш” деп айтылып келген сөз жашап келет. Бул сөздү ар ким ар кандай окуяларга байланыштырып жүрөт. Сыягы, өткөн бир мезгилдерде К.Иманалиевдин жоругундай жорукту жасашкандан улам, бүтүндөй бир түптүү элди жогорудагыдай сөзгө сындырган белем. 

Булак: "Назар пресс" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter