19 март 2013, 10:57

Улустун Улуу УУЗ КҮНҮ майрамын “Кыргыз Таануу” Коомдук уйумдар тилектештигине кирген бир катар коомдук уюмдар, фонддор жана жеке мекенчил атуулдар өткөрүп жатат.

Он  жылдан бери улуттук маанайдагы мекенчил бирикмелердин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен улуттук жаңылануу Улустун Улуу УУЗ КҮНҮ (Нооруз) майрамы өтүлүп келе жатат. 
Негизги максаты, улуттук аң – сезимди көтөрүп, тарыхый, руханий мааниси терең улуттук майрамдарды, элдин сакталышы жана ынтымагы үчүн белгилеп, кийинки муундарга мурастоо болуп саналат.
Быйыл да Улустун Улуу УУЗ КҮНҮ  майрамын "Кыргыз Таануу” Коомдук уйумдар тилектештигине кирген бир катар коомдук уюмдар, фонддор жана жеке мекенчил атуулдар өткөрүп жатат.
Иш – чарада, майрамдык концерт, улуттук оюндар,сүмөлөк, көжө ж.б.  тамак – аштын улуттук түрлөрү, тушоо кесүү өңдүү салттуу жөрөлгөлөр  уюштурулуп, аксакалдар өргөөсү, айымдар өргөөсү, жаштар өргөөсү тигилет. Ал эми кечки бөлүгүндө өргөө ичинде улуу сөз, Манас баяны, айтыш, ыр кесе уланып, түн ортосунда улуу от жагылат. Мындан кийин жаштар ак чөлмөк ойноп, селкинчек тебишип кадыр түн тосуп чыгышат. Эң башкы иш болуп элге, жерге аруу тилектер тиленип турулат. 


Өткөрүлүүчү  жери: 
«Манас-Айылы” этнографиялык комплекси,
Тынчтык проспектиси (Ысык-Көл мейманканасынын арты).
Өткөрүлүүчү  күнү: 20-21.03.2013
Башталышы: саат:14:00. 20.03.2013




Уюштуруу  тобунун катчылыгы:
тел: (0558) 728778   (0771) 45-85-49
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020