19 марта 2013, 12:20

А.Бөрүбаев: Парламенттик система саясий ачыктык, басма сөз эркиндигин берет экен

А.Бөрүбаев: Парламенттик система саясий ачыктык, басма сөз эркиндигин берет экен
Парламенттик системага биз региондо биринчилерден болуп өтүп жатабыз, тажырыйба азыраак. Дүйнөлүк тажырыйбага таяналы десек, алардын экономикалык, илимий потенциалы бөлөк. Ар кимден эле тажрыйба алып, көчүрүп кое тургандай бул формула эмес. Ар бир кыйынчылыкты жеңип, ошол кыйынчылыктын негизинде кетирген кемчиликтерди жоюп, иш алып барышыбыз керек. Парламенттик башкаруунун келечеги кең деп эсептейм. Парламенттик система саясий ачыктык, басма сөз эркиндигин берет экен, деген оюн «Парламент» телеберүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын экс-төрагасы Алтай Бөрүбаев билдирди.

«Парламенттик өлкө болобу, президенттик өлкө болобу, же президенттик-парламенттик формасындагы башкаруу болобу, парламенттин ролу кайсы өлкөдө болбосун жогору. Парламент кабыл алган мыйзам базасы - өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн базасы, мыйзамдар аркылуу мамлекет өнүгөт, иши алдыга жылат», деген экс-төрага парламенттин ордун жогору коюп келгендигин жана азырда жогору бааларын билдирди.

Ошону менен катар А.Бөрүбаев кыргыз парламенти калыптануу процессинде болуп, болгону эки жарым жыл эле иш алып бара жатканына токтолду. Анын пикиринде, мурда президенттик бийлик күчтүү болуп, парламент өз мыйзам чегинде өзүнүн вазийпаларын толук аткара албай келген болсо, эми азыркы парламент мыйзам алкагында өз милдеттерин так аткарууга аракеттенип, колдоого аларлык мыйзамдарды иштеп чыгып жатышат. «Кудай буюрса, мына алдыда эки жарым жыл турат. Албетте ката кетирүүлөр болду, бирок ошол ката кетирүүлөрдү убагында колунан келишинче оңдоп жатат. Менин оюмча убакыт бериш керек», - дейт А.Бөрүбаев.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter