19 марта 2013, 12:27

Жалал-Абадда жана Алайда "Ата журт" партиясынын тарапкерлери митингдерди убактылуу токтотушту

Жалал-Абадда жана Алайда "Ата журт" партиясынын тарапкерлери митингдерди убактылуу токтотушту
Акыркы сааттарда маалым болгондой, Жалал-Абад шаарында жана Ош облусуна караштуу Алай районунун борбору Гүлчө кыштагында Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын камалган депутаттарын кубаттаган митингчилер убактылуу тарашты. Алар 14-мартта Бишкек шаарында уланган сот жараянына кыйыр жана түз кысымчылык көрсөтпөй турушкандыгын, ошон үчүн соттун адилет өкүмүн чыдамсыздык менен күтүшөөрүн, анан ошого жараша бийликке позициясын ачык жар салышаарын шардана кылышты.

Медер Үсөнов, Жалал-Абаддагы нааразычылык акцияларын уюштуруу комитетинин төрагасы: - Биз шайлоочулардын талабы боюнча мөөнөтсүз митинг жарыяладык эле. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты, түрмөдө жаткан "Ата Журт" фракциясынын жол башчысы Камчыбек Ташиевдин калайык-калкка айткан өтүнүчүн орундап, сотторго кысымчылык катары ойлошпосун деген ниетте, Бишкек шаардык сотунун өкүмү угузулгуча нааразычылык акциябызды убактылуу токтоттук. Ошентсе да "Кумтөр" кенин мамлекетке кайтаруу, Жогорку Кеңеш депутаттарын ачык эле куугунтуктагандыгы үчүн Башпрокурор Аида Салянованы токтоосуз түрдө отставкага кетирүү талаптарыбыздан биз эч убакта артка кайтпайбыз. 

Баса, акыркы сааттарда "Ата Журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун "Жаңы Агым" гезитине билдиришинче, буга чейин партиянын жактоочулары тарабынан 13-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында "Кумтөр" маселеси боюнча акциясы өтөөрү болжолдонгон. Тилекке каршы, бул күнкү митинг белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, "Кумтөр" кенине байланышкан бул акцияны белгисиз бир үчүнчү күчтүн арам ойлуу өкүлдөрү колдонуп кетүүнү чамалап жатышыптыр. Буга бийликте отурган айрым үлкөн аткаминерлер дагы кызыкдар экени баса айтылууда.

- Биз, "Кумтөр" жана камактагы депутаттарды колдоо боюнча ыктыярдуу адамдардан турган комитет, айрым саясатчылардын мындай мыйзамсыз аракеттерин таптакыр кубаттабай тургандыгыбызды ачык түрдө билдиребиз. Себеби, Кыргызстан бүгүнкүдөй ар тараптуу саясый туңгуюкка кептелип турган чакта биз айрым арам күчтөрдүн колуна чыныгы курал болуп Кыргызстандын жаркын келечегине балта чапкыбыз келбейт. Биз үчүн мамлекетибиздин бүтүндүгү, элдин ынтымагы жана тынчтыгы баарынан бийик турат. Биз эч качан бийликке умтулбайбыз жана үчүнчү күчтөрдүн дагы куралы болуп бербейбиз, - дейт Нургазы Анаркулов.

 

Булак: "Жаңы Агым”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter