19 марта 2013, 12:34

И. Айткулов: "Равшан Сабировдун күнөөсү далилденген жок"

И. Айткулов: "Равшан Сабировдун күнөөсү далилденген жок"
Экс-министр Равшан Сабировдун күнөөсү далилденген жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта, маалымат жыйынында жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Башкы прокуратуранын массалык маалымат каражаттарында жарыялаган экс-министр Равшан Сабировдун күнөөсү далилденди деген маалыматы чындыкка дал келбейт.

"Экс-министрдин күнөөсү далилденгидей эч кандай негиз жок. Башкы прокуратуранын берген маалыматында, алар  көрсөткөн видео жана аудиожазуулар, ошондой эле  жабырлануучу   Гүлайым Исмаилованын  көрсөтмөлөрү күнөөсүн далилдеди деп айтылууда. Бирок, "Народный" дүкөнүнөн көзөмөл камерасына тартылган видеожазуу болгон, анда Сабировдун күнөөсүн далилдей турган бир дагы факт жок”, - деди ал.

Ошондой эле жактоочу белгилегендей, 2012-жылдын 30-июнундагы сурак протоколу боюнча күбө Г.Исмаилова Сабиров эмес, анын орун басары Мирзаахмедов акча доолаганын айткан, бул жерде аны жаманатты кылуу жөнүндө сөз да айтылган эмес. 

Жактоочу УКМК жана Башкы прокуратура аталган ишти иликтөөгө албагандыгына нааразы болду.

"Сабиров боюнча мыйзамсыз өкүм чыккандыгы ошол органда иштеген кызматкерлердин бул ишке катышы бар экендигинен кабар берет”, - деди ал.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter