19 марта 2013, 13:04

Ким бул, ыя?

Ким бул, ыя?
Чолпонбаевдин курултайы өтүп жаткан маалда кызык көрүнүшкө тушуктук. Эркиндик бульварында мурдагы аскер прокурору Марат Кошоев үч киши менен сүйлөшүп туруптур. Анын жанындагы киши негедир көзгө жылуу учурады. Былтыр 17-августта белоруссиялык журналист экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевди эки кишинин коштоосунда Минскиде жүргөнүн сүрөткө тартып алып, интернетке жайылтып жиберген эле. Ошол сүрөттөгү Болот Кошоев береги Кошоевдин жанында турган кишиге коендой окшош экен.

Баса, Ички иштер министрлиги Б.Кошоевге издөө жарыялагандай болгон. Эгер бул чындап эле Б.Кошоев болсо, анда ал кантип ээн-эркин жүрөт? Митинг жүрүп атканда ал телефон менен байма-бай сүйлөшүп атты. Кимдерге чалып, эмнени айтып жатты экен? Муну көрүп, "Бакиевдер реванш алууга бардык күчүн жумшайт, анүчүн бул жактагы адамдарын пайдаланышат" таризиндеги пикирлерди эстедик… 

Булак: "Жаңы Агым”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter