19 марта 2013, 13:22

Барактын тургундарын Өзбекстандын чек арачылары эч себепсиз өткөрбөй жатышат

Барактын тургундарын Өзбекстандын чек арачылары эч себепсиз өткөрбөй жатышат
Чогулгандар дээрлик бир айдан бери Барак эксклавына өтө албай жатканын айтышты. Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашыров алардын маселесин райондук жана облустук бийликтер чече албай жатканына нааразы болду. «Ары -бери өткөн адамдарды Өзбекстандын чек арачылары өткөрбөйт. Себебин айтышпайт. Өзүбүздүн «Ак-Таш» бекети аркылуу да, «Достук» өткөрмө бекети аркылуу да өткөрбөй жатат. Кызыл-Кыя аркылуу өтүп келгиле дешти. Ал бизден абдан алыс. Бул жактагылардын баарынын туруктуу жата турган, жашай турган жайлары да жок», - деди Ашыров.

Барактын тургуну Шааркан Мырзаева күйүүчү-майлоочу майлардын жоктугунан жазгы талаа иштери ушул күнгө чейин башталбай жатканын билдирди.

Барактыктар аларды айылына өткөрүү маселесин тез арада чечип берүүнү, же утурумдук жашап туруучу жай таап берүүнү Ош облустук администрациясынан талап кылышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн аларга азырынча эч ким чыга элек.

Мурда барактыктар Кыргызстанга «Бирлешкен» жана «Акташ» чек ара бекеттери аркылуу катташчу. Өткөрүү бекети январдын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган.

Булак : «Азаттык» радиосу
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter