19 марта 2013, 14:06

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 14-февралында кабыл алган. Ал Салык кодексинин КР аймагына импорттолуучу технологиялык жабдууларды жана ферроэритүүчү мешинин элементтерин жеткирүүнү КНС төлөөдөн бошотууну караган 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна (импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу) толуктоо киргизет.

Мыйзам Таш-Көмүр шаарында ферросиликоалюминий өндүрүү боюнча Кыргыз ферроэритүүчү заводун куруу долбоору боюнча инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул иш өкмөттүн 2007-жылдын 23-августундагы №360 «Кыргыз Республикасында ферроэритүүчү заводун куруу жөнүндө» токтомуна ылайык жүзөгө ашырылууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter