19 марта 2013, 14:11

"Сот чечими чыкканга дейре эч кандай саясий акцияларды өткөзбөй турууну суранам"

"Сот чечими чыкканга дейре эч кандай саясий акцияларды өткөзбөй турууну суранам"
"Ата-Журт" мекенчил партиясынын төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин кыргыз элине кайрылуусу
Урматтуу эл-журт, шайлоочулар! 
Сиздердин биз темир тордун артында отурганыбызда көрсөткөн колдооңуздар, жардамыңыздар үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биздин бүгүнкү тагдырыбызды чечүү максатында жасаган аракеттериңиздерге, көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгонуңуздарга күбө болуп турабыз. Сот процесси аягына чыгуу алдында турат, сиздер кызыгуу менен баарына күбө болуп жатасыздар. Соттун чечими акыйкат болот деген ишеничте турабыз, себеби, сот процесси башынан аягына дейре толук ачык өтүп, баары видеоматериалдарга тартылып жатат. 
Ошондуктан, мен сиздерден суранаарым, сот чечими чыкканга дейре эч кандай саясий акцияларды өткөзбөй турууну суранам. Кудай буюруп сот чечими адилет болсо, биз боштондукка чыгабыз жана мамлекетибиз үчүн болгон күч аракетибизди жумшап кызмат кылабыз. С.Жапаров, Т.Мамытов жана мен сиздерге ыраазычылыгын билдиребиз.
Терең урматтоо менен, 
Камчыбек Ташиев.

Булак: "Майдан kg" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter