19 марта 2013, 14:19

"Республика" партиясынын Жаштар канатынын лидеринин соту кийинкиге жылдырылды

"Республика" партиясынын Жаштар канатынын лидеринин соту кийинкиге жылдырылды
Мындай чечимди иш карала турган соттун төрагасы Авчи Алиев кабыл алды.

Белгилүү болгондой, сот жыйыны Наргиза Ажибаеваны коргогон жактоочу Леонид Лужанскийдин келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Ажибаеванын айтымында, ал сыркоолоп калган.

Эске салсак, Бишкек прокуратурасы «Республика» партиясынын шайлоодо "карусель” ыкмасы менен добуш берүүнү уюштурган мүчөсүнө кылмыш ишин козгогон. Мындай чечим бул тууралуу интернетте жайылып кеткен видеону көргөн соң кабыл алынган. Бирок аталган партия бул видеону чагымчылык деп баалаган. Көп өтпөй интернетке видеонун экинчи бөлүгү чыгып, анда партиянын жаш лидери Наргиза Ажибаеванын "кызмат көрсөткөндөргө" иш акысы катары акча таратып жатканы тартылган.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter