19 марта 2013, 14:30

20-март күнү Ак үйдүн чатырында соттук көчмө жыйын болот

20-март күнү Ак үйдүн чатырында соттук көчмө жыйын болот
"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету менен  биринчи президент Аскар Акаевдин экстрадициясын талап кылууга болот. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгын коргогон коомдук кыймылдар Кумтөрдөн уурдалган миллиарддарды кайтарууну жана Акаевди соттоону талап кылышууда.

"Аталган кыймыл жакын арада республикалык курултай өткөрүүгө ниеттенип, Канаданын элине жана парламентине "Камеко фирмасынын коррупциялык жол менен уурдап кеткен" 1 млрд долларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча кайрылуу жөнөтүүнү пландап жатат. Ал эми "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия уурдалган миллиард доллар тууралуу эч ооз ачпай жатат. Бирок мен келишимди жокко чыгарууга каршымын "- деди Сарыгулов.

Айтымында, келишимди кайра кароо демилгеси коррупцияга каршы кызмат тарабынан көтөрүлүш керек. Ошондой болгондо гана Кыргызстан аталган маселе боюнча утушка жете алат

булак:super kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter