19 марта 2013, 14:36

Ууланган "Кумтөр" баяны

Ууланган "Кумтөр" баяны
Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун "Кумтөрдү" текшерип бүтүп келип, 2012-жылы 20-июндагы Жогорку Кеңеште жасаган 
доклады
Саламатсыздарбы 
урматтуу депутаттар! 
Урматтуу Төрага! 
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылдын 15-февралында Жогорку Кеңештин он депутатынан турган комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын максаты "Кумтөр" алтын кениндеги экологиялык, экономикалык жана башка мыйзам бузууларды текшерип келип Жогорку Кеңешке отчет менен чыгып чечим кабыл алыш керек эле. Комиссия 15-февралда түзүлгөнү менен 15-апрелде гана өз ишин баштады. Мына бүгүн туура эки айдын жүзү болду. Себеби көз карандысыз эксперттерди тандоого эле эки ай убактыбыз кетип калды. Комиссия эки ай убакыттын ичинде күнү-түнү дебей иштеп, "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу маселелерди 1920-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин изилдеп чыкканга жетиштик.
Кыргызда жакшы сөз бар, "Асан менин досум бирок акыйкат андан да жогору турат", - деген. 
Анын сыңарындай Кыргызстан эгемендүүлүк алган жыйырма жыл ичинде бийликте туруп "Кумтөр" алтын кени боюнча маселелерге аралашкан биздин атуулдарыбыздын жакын тууган же дос, жолдош-жоро экендигине карабастан себеби Кыргыз сураша келсе тууган чыгат эмеспи аттарын жашырбай так атап, Сиздердин жана коомчулуктун алдына ачык алып чыгууну чечтик. 
Урматтуу депутаттар! 
"Кумтөр" алтын кени 1920-жылдан баштап Кыргыз ССРинин геофизиктери, геологдору жана "Кыргызгеология" өндүрүштүк бирикмеси тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүп, 1978-жылы Кыргыз ССРинин 10дон ашуун геология кызматкерлери тарабынан ачылган.
1989-жылы СССР Министрлер Советине караштуу "ГИНАЛМАЗАЛТЫН" институту тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан.
Чалгындоо жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгыш үчүн ошол кездеги Кыргыз ССРи 39 млн доллардын тегерегинде акча каражатын жумшаган.
Бирок "Кумтөрдүн" айланасындагы экологиясына орду толгус зыян келтирүү коркунучу бар экенинен улам кенди иштетүүнү токтотушкан. 
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында "Кумтөр" алтын кенинде төмөндөгү баалуу металлдардын запасы болгон. Алтын - 953 тонна, Вольфрам - 55 тонна, күкүрт - 6858 тонна жана башка ушул сыяктуу баалуу металлдар болуп, дүйнө жүзү боюнча 7-орунду ээлеген. 
Урматтуу кесиптештер! Урматтуу төрага!
1991-жылы СССРдин кулашы жана эгемендүү мамлекеттин түзүлүшү менен Кыргызстан белгилүү тоо кен казып алуучу компаниялардын сунуштарын кароону баштаган. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адеп баштаган иши Швейцариянын "Сиабеко" компаниясы менен тыгыз байланышкан.
Ошол кезде Түштүк Африканын "Англо Америкэн", Түркиянын "БМБ", Американын "Грайнберг Продакшн Корпорэйшн" компанияларынын сунуштары кабыл алынган эмес, алар кирешенин 80%ы Кыргызстанга калтыруу менен кызматташууну сунушташкан (12 папка, 12-62-беттер).
Негедир, кылмыштуу коррупциялык артыкчылык Канаданын "Камеко" корпорациясына берилген.
"Кумтөр" боюнча Башкы макулдашуу 1992-ж. 4-декабрда бир тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин жана экинчи тарабынан Канаданын Камеко Корпорэйшн компаниясынын ортосунда түзүлгөн. 
Кийин жагында Башкы макулдашуу үч жолу кайра каралган: 1993-жылдын 16-январында, 3-сентябрында жана 1994-жылдын 30-майында, буларга ошол кездеги Премьер-министр Т. Чынгышев жана "Кыргызалтын" ААКынын төрагасы Д. Сарыгулов тарабынан кол коюлган (12 папка, 104-112-беттер, 21 папка, 13-62-беттер).
1992-жылдын 4-декабрындагы Башкы макулдашуу боюнча ""Кумтөр" Голд Компани" (КГК) орток ишканасы түзүлгөн, мында Кыргызстандын кирешеден алына турган үлүшү 67%ды, "Камеконун" үлүшү 33%ды түзүп калган. (Ушул күнгө чейин киреше жок деп көрсөтүп келишет.)
Башкы макулдашууда башынан эле республика үчүн пайдасыз шарттар каралган: 
- бул металлды эмес, дивиденддерди бөлүү, б.а., алтындын өзү эмес, алтынды сатуудан түшкөн киреше бөлүнөт;
- Совет мезгилинде геологиялык издөө жумуштарына жумшалган 38,9 миллион АКШ доллар суммасына жүргүзүлгөн чыгымдарды жаап берүү каралган эмес;
- Кошумча пайдалуу кендер (теллор, вольфрам, күкүрт, палладий ж. б.) концессиянын наркына киргизилген эмес, ал эми дүйнөлүк тажрыйбага ылайык булар да концессияга киргизилиши керек эле.
Долбоорду башкаруу үчүн "Кумтөр" Оперейтинг Компани (КОК) Канаданын "Камеко корпорейшн" туунду ишканасы ачылган. Макулдашуунун шарттары боюнча долбоорду толук башкаруу укугу 2007-жылы Кыргыз тарабына өтүшү керек эле, буга жол бербеш үчүн канадалыктар жаңы схеманы ойлоп табышкан.
2004-жылы түзүмдү өзгөртүү (реструктуризация) жүргүзүлүп "Центерра Голд Инк." деген жаңы компания түзүлгөн. Мында Кыргызстандын үлүшү 15,66% деп белгиленип, биздин баардык активдер атайылап төмөндөтүлгөн, анын ичинде негизги фонддор жана алтын запасы да төмөн коюлган.
1. Түзүмдү өзгөртүү астында бир жылдын ичинде эле, 2002-жылы 35 миллион АКШ доллар суммасындагы каражат эсептен чыгарылган (списать этилген, 12 папка, 456-бет), башкача айтканда. 184 млн АКШ долларынан 149 млн АКШ долларына чейин төмөндөтүлгөн (натыйжада "Центерранын" акцияларынын наркын кымбаттатуу максатында фонд биржасында негизги каражаттардын наркы 454 млн АКШ долларына чейин кескин жогорулаган, б. а. 270 млн АКШ долларына), ошондой эле рудниктин капиталдык курулушуна 176 млн АКШ доллары артык баш чыгымдалышы киргизилген эмес.
2. "Кумтөрдүн" алтын запасы 208 тонна өлчөмүндө кабыл алынган. Чынында анын запасы 953 тоннаны түзгөн, Канада тарабы Монголиядагы Бороо, Гатсуурт жана Невадагы REN активдерин кошкон, бул активдер болор-болбос экендиги жана реалдуу баалуулукка жетпегендигин Кыргыз бийлиги эске алган эмес.
Мында акциялар менен ар кандай көз боёмочулукту жасоонун кесепетинен Кыргызстан толук контролдук жасоодон кол жууган. 
Ушул күнгө чейин Центеррага реалдуу киреше берген жападан жалгыз "Кумтөр" кени гана болуп эсептелет Центерранын кирешесинин 90%ын калган 10%ын Бороо кени берет.
Ошентип, канадалыктар өзүнүн максатына жетишкен: "Кумтөрду" башкаруу канадалыктардын (КОКтун) колунда калган, концессия болсо алар үчүн эң пайдалуу шарттарда 50 жылга узартылган. Мындан тышкары, кийинки жылдары (2003-2009-жж.) канадалыктарга концессиялык аянтты дагы үстүнө кошуп көбөйтүп беришкен.
"Кумтөр" долбоорунун объекттеринин курулушу, долбоорлоо иштери менен кошо жүргүзүлгөн, Техника-экономикалык негиздемени (ТЭНди ) иштеп чыгуу Канаданын "Килборн Вестерн Инкорпорэйтед" (Килборн) деген фирмасы тарабынан аткарылган, буга Кыргыз тарабынын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышкан эмес. Ушуга жараша компания баардык маселелерде контролсуз иштеп объекттерди куруу учурунда 176 млн АКШ долларын артык баш чыгымдалышына жол берген. Бул акча ошол кездеги биздин чиновниктер менен Канадалыктардын чөнтөктөрүно кирип кеткен.
Урматтуу коллегалар! 
Мындай саясат эмнеге алып келгенин биз комиссиянын ишинин учурунда көрдүк. КОКтун иши көп сандаган мыйзам бузуулардын жана коррупциялык схемалардын негизинде түзүлгөн. КОКтун финансылык мыйзам бузгандыгы: 
1. Бажы кызматтарынын маалыматтары боюнча 2002-жылдан 2011-жылга чейинки мезгил ичинде КОК негизги өндүрүштүк ишке тиешеси жок товарларды бажы алымсыз ташып кирген. Мындай товарларга көйнөк, алтын жалатылган төш белгилер, 925 пробадагы аялдардын жана эркектердин күмүш шакектери, алтын жалатылган күмүш шакектер, аялдардын сумкалары, гольф үчүн шаймандар (клюшкалар, кол чатырлар, топтор, топтор үчүн саадак, сумкалар, футболкалар, кепкалар), бейсболдук жана башка кепкалар, оюн карталары, парашюттар, косметикалык каражаттар, моторлуу кайык ж. б. кирет, бул товарлар бир миллиондон ашуун АКШ долларына сатып алынган, булар Кыргыз тарабы алуучу кирешени азайткан чыгымдардын эсебине кирет. Алар негизинен Канададан ташылып келген (18 папка, 119-152 беттер, 30.03.2012-ж. № 25 - 4/1782 Мамлекеттик бажы инспекциясынын жообу).
2. КОК аффиляцияланган жактарга мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзөт. Маселен, ""Кумтөр" Голд Компани" компаниясынын биринчи жетекчисиЛ.Хоменюк мырзанын жубайы Марина Стивенске "Кумтөрдө" эч бир иш аткарбаса дагы төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө гонорар төлөнүп берилген:2001-жылы - 138 миң доллар, 2002-жылы 331 миң доллар, 2003-жылы - 508 миң доллар жана 2004-жылы - 200 миң доллар төлөп берилген, кийинки жылдардын маалыматы ал 2008-жылы бошонуп кеткенге чейин берилген эмес, ага жалпысынан бир миллиондон ашуун АКШ доллары төлөнгөн (15 папка, 133-бет, 25 папка, 4-6-беттер).
3. 2009-жылы "Polyflox" (Полифлокс) деген казак фирмасынан жана "CIBA" (КИБА) деген фирмадан 1,2 милион АКШ долларына сыноо жүргүзүү үчүн тест катары 265 тонна химиялык реагент сатылып алынган, булар кийин жараксыз деп табылып, жок кылынган (31 папка, 241-250-беттер), ушуну менен катары Кыргыз тарабы алуучу кирешеге 1,2 миллион АКШ доллар суммасындагы зыян келтирилген. Бул реагенттер кайда жана кандайча жок кылынгандыгын эч ким билбейт - муну тергөө аныкташы керек.
4. 1998-жылы Канададан 3,2 млн сом суммасына химиялык реагенттер сатылып алынган. Булардын ичинен бардыгы болуп 8,5 тоннасыпайдаланган, а калган 71,5 тоннасы (2860 мешок) 14 жылдан бери жараксыз абалда рудниктин аймагында жатат (16 папка, 208 бет). Бул бүтүмдөн келтирилген зыян 2,8 млн сомду же 132,1 АКШ долларын түзөт.
5. Таштанды төгүлгөн жерде жалпы саламагы 10,8 тонна келген жараксыз 54 бочка автомобиль гидравликалык майы жайгаштырылган, булар аны долбоорду иштеп чыгуу стадиясында сатып алынган (16 папка, 209-бет). КОК бул товардын наркын көрсөткөн эмес, ал азыр бүт бойдон келтирилген зыяндын ичине кирет, ошондой эле утилдештирилүүгө тийиш.
6. Мындан тышкары жергиликтүү сатып алуулар боюнча да суроолор пайда болуп жатат.
Монголиядагы жана Кыргызстандагы долбоордун маалыматтарынын салыштырмасы жергиликттүү сатып алуулар Монголияда 70%, бизде болсо - болгону 30% түзгөнүн көрсөтөт. 
2009-2011-жж. жергиликтүү сатып алуу иштеринин анализи муну көрсөттү: булардын ичинен айрымдары жогорулатылган баалар менен жасалат экен (332-папка, 61-76-беттер):
Сатып алуу иштеринин маалыматтары чоң көлөмдөрдө жасалат, жыйынтыгында жүздөгөн миллион сом менен эсептелүүчү эбегейсиз сумма болуп кетет.
КОКтун технологиялык регламентинин бузулушу:
1. КР Мамтехкөзөмөлү тарабынан 2007-жылы жаңы калдык сактоочту куруу сунушталган, бирок КОК ар жыл сайын жаңы калдык сактооч салбастан дамбаны чыңдоо боюнча жумуштарды жүргүзөт, а буга болсо бир топ сумма чыгымдалат, бүгүнкү күндө буга 43 млн АКШ долларынан ашуун каражат сарпталган (2003-2011-жж. 43 млн АКШ доллары коротулган) (№ 47-папка, №18-тиркеме). Балким ушул эбегейсиз суммаларды эсептен чыгаруу аларга пайдалуудур. 
2. Пайдаланылган активдүү көмүр кайда жумшалып жаткандыгы түшүнүксүз, анын 1 тоннасынан 580 граммдай Доре куймасын алса болор эле (32-папка, 304-бет).
КР Башкы прокуратурасы тарабынан (Дөнөнбаев К.) 2010-жылы "Кумтөрдөн" салмагы бир тоннадан ашуун активдештирилген көмүрдөн 218,2 гр. Доре алтын куймасын алынган факт табылган (№ 31-папка, 304-бет). Бул куйма жоопкерчиликтүү сактоо үчүн "Кумтөр" руднигинин коопсуздук кызматынын начальниги Билл Грейге Алтын чайкоо фабрикасынын менеджери Кен Детердин, АЧФ өндүрүштүк бөлүмүнүн начальниги Анвар Райымбековдун жана котормочу Болот Асанакуновдун катышуусунда 08.09.2010-ж. Акт менен (№ 31-папка, 185-186-беттер) өткөрүп берилген. Бирок бул факт боюнча кылмыш иши козголгон эмес (№ 26-папка, 1-4-беттер; № 31-папка, 185-186-беттер).
Биздин эсеп-кысап боюнча 5572 тонна иштетилген активдештирилген көмүрдө (КОКтун маалыматы боюнча калдык сактоочко жөнөтүлгөн) 2427,37 кг алтын бар. Алынбай калган пайда 76,3 млн АКШ долларын түзөт.
Комиссия тарабынан Алтын чайкоочу фабрикада технологиялык регламенти жок меш бар экендиги аныкталган, аны кайсы максаттар жана жумуштар үчүн колдонула тургандыгы түшүнүксүз.
Урматтуу депутаттар! 
Эми "Кумтөр" руднигиндеги экологиянын абалы жөнүндө... Комиссиянын атынан толук жоопкерчилик менен билдирем: "Кумтөрдө" элементардык нормалар менен талаптар сакталбайт экен, мамлекеттик контроль болсо иш жүзүндө таптакыр жок. Канадалыктар болсо ал жерде Канаданын аралчасын куруп алышып эч кимди киргизишпей өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жатышат! Буга баардык далилдер бар, экологияда 28 жылдык иш-тажрыйбасы бар, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көз карандысыз эксперт Динара Кутманованын корутундусунда так, даана баяндалган (№48 папка). 
1. КОК 17 жылдан бери иштеп жатканы менен "Кумтөрдүн" иши туш кылуучу экологиялык тобокелдикке комплекстүү баа берилген эмес,кокусунан техногендик кырсык болуп калса, келтирилүүчү экономикалык зыяндын өлчөмүн айта албайбыз. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын (мамтоотехкөзөмөлдүн, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамагенттиктин ж. б.) ошондой эле "Кумтөр" руднигинин негизги өндүрүштүк объекттерин (калдык сактоочторун, алтын чайкоочу фабриканын) кабыл алуу актыларына өз убагында кол койгон жогорку даражалуу чиновниктердин "КОК" ЖАКнын кызыкчылыгын көздөп корутунду берген, окумуштуулардын жана адистешкен мекемелердин компетентсиздигинен, коррупциялаш-кандыгынан же кайдыгерлигинен "Кумтөр" руднигиндеги өндүрүштүк иш бүгүнкү күндө олуттуу коркунучка жана олуттуу экологиялык тобокелдикке учурап отурат. 
2. Башынан тартып эле "Кумтөр" объекттерин долбоорлоо жана куруу экологиялык нормаларды бузуу менен жүргүзүлгөн: 
2.1. Калдык сактооч боюнча:
- Калдык сактооч Арабель дарыясынын нугунда жайгашкандыктан жер астындагы суулардын булганышына коркунучту күчөткөн;
- Калдык сактоочтун түбүндө изоляциялоочу плёнка болгону 100 метр жээгине гана төшөлгөн, а калдык сактоочтун түбүнүн калган бөлүгү корголбогон бойдон калган, бул болсо уулуу калдыктардын мөңгүгө каныккан участкаларынан уулуу заттардын сарыгып агышын күчөткөн. Азыркы убакта айылдардан булак болуп чыгып аткан жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Жер алдындагы суулардын булганышы Нарын дарыясында зыяндуу химиялык заттардын пайда болушуна алып келип, ушул өрөөндүн калкы үчүн зыяндуу болуп жатат. 
Ошентип, долбоорлоо жана куруу ишинде жол берилген сактык тартиптерин бузуудан улам калдык сактооч бүгүнкү күндө экологиялык тобокелдиктин олуттуу булактарынын бири болуп турат. КОК айлана-чөйрөнүн булганышын азайтпастан, кайра аны күчөттү. 
- калдык сактоочтун курулушунун баштапкы долбоорунда так эмес чечим кабыл алынгандыктан дамбанын этегинде музга канккан кумдак катмар калтырылган, ал кайсы бир шарттарда өзүнүн үстүндө жаткан дамба үчүн "жылып кетүүгө шарт түзүүчү тегиздик" катары кызмат кылып кетиши ыктымал. Ушунун кесепетинен улам 2003-жылдан тартып ушул мезгилге чейин чыңдоо жумуштарына 2 млрд сом коротулган. Мындан тышкары бул кырдаал КОК тарабынан дамба алдында өнөр жай жана тиричилик калдыктарын, жараксыз техниканы, химиялык уулуу заттардын калдыктарын мыйзамсыз жайгаштыруу үчүн пайдаланылууда. Муну өзүңүздөр видео тасмадан көрө аласыздар.
2.2. Калдыктар боюнча:
- куру тоо тектердин катмарларын жайгаштыруу үчүн аянттар жана алардын өлчөмдөрү аныкталган эмес, буларды Лысый суусунун жана Чоң-Сары-Төр дарыясынын жээгине жайгаштыруу каралган. Долбоордо куру кен катмарларын мөңгүлөрдүн үстүнө жайгаштыруу каралган эмес эле; миң жылдык мөңгүлөрдүн үстүнө калдыктарды төгүп таштоо деген - бул экологиялык кылмыш, ал мөңгүнүн тез түрдө эришине, кийин жагында мөңгүлөрдүн жок болуп кетишине алып келген.
3. Ушул тапта КОК өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын уруксатысыз жайгаштырып жатат. 
КОКтун калдыктары үчүн атайын курулмалар жана полигондор курулган эмес, калдыктар технологиялык режимди бузуу менен көмүлүүдө, фильтраттын системасы жок, ушундан улам уулуу материалдар уулуу эмес материалдар менен аралаш көмүлүп калууда. Муну өзүңүздөр видеотасмадан көрө аласыздар. 
Мындан тышкары Барскоон кыштагындагы, Каракол, Бишкек жана Балыкчы шаарларындагы базаларынан чыккан бүт уу, тиричилик таштандысы көмүү үчүн рудникке чыгарылат. Ошентип, "Кумтөр" руднигинин аймагы иш жүзүндө таштанды төгүүчү жайга айланып калган. 
Бул Бишкектен, Караколдон, Балыкчыдан чыккан калдыктар аялуу, кайталангыс экологиялык системанын аймагындагы калдык сактоочко төгүлүп жаткандыгы - "Кумтөр" жетекчилигинин кылмыштуу иши. "Кумтөрдүн" мөңгүлүү зонасынан калдыктарды ташып кетүүнүн ордуна алар тескерисинче ташып кирип жатышат. Бул эмне, келечектеги экологиялык кырсыктын эсебинен каражаттардын үнөмдөлүшүбү? Биз муну "Кумтөр" компаниясынын жетекчилиги тарабынан Кыргыз элине каршы экологиялык геноцид катары баалайбыз. Бул факт тиешелүү мамлекеттик органдардын атайын териштирүү иш-аракетин талап кылат. 
КОКтун кызмат адамдарынын мыйзамдын талаптарын бузуу боюнча укукка каршы иш-аракетке тикелей көрсөтмө берген фактылары орун алган. КОКтун менеджерлери тарабынан, 2009-жылы Кен Никола тарабынан "Калдыктарды утилдештирүү" деген инструкция иштелип чыккан, ал Пол Тил аттуу адиси тарабынан кайра каралган, анда тиричилик, медицина калдыктарын өрттөп жиберүү, аларды траншеяларга көмүп салуу талабы коюлат, а бул болсо мыйзамда тыюу салынган.
4. КОК айлана-чөйрөнү булгоо жана объекттердеги иш жүзүндөгү абал боюнча маалыматтарды бурмалоо менен алектенип жатат. КОКтун көптөгөн отчетторундагы ырастамалары иштин чыныгы абалына шайкеш келбейт. 
4.1. Маселен, калдыктар боюнча маалыматтар 32 миң эсе айырмаланып турат: 
4.2. Экологиялык паспорт боюнча калдыктар ээлеген аянт - 436,8 га, 346 га, "1-калдыктын" отчету боюнча - 247 га, үч ар түрдүү цифраларга орун берилген, булардын кайсынысына ишенүүгө болот?
5. Комиссия тарабынан суунун сынамыктары тандап алынып, Казакстан республикасынын Улуттук ядролук борборуна жиберилген. Булардын натыйжалары сымап жана коргошун боюнча нормадан 22 эсе жогору экендигин көрсөткөн, башкача айтканда Нарын дарыясына оор металлдарды (химиялык элементтерди) жогору камтыган суулар агып кирет.
Профессор Кожобаев К. А. (2010-ж.) сууга жүргүзгөн өзүнүн анализинде "Кумтөр" руднигинин аймагында сууда зыяндуу оор металлдардын тутуму өтө жогору деген корутундуга келген.
А КОКтун маалыматтары боюнча бардыгы жайындагыдай көрүнөт бирок, аудит жүргүзгөн эл аралык компаниялар буларды белгилейт: КОКтун анализдеринин натыйжалары ишенимдүү эмес, анткени лабораториялык жабдуу шайманды калибровкалоо боюнча талаптар сакталбайт, өлчөө бирдиктерин көрсөтүүдө каталарга жол берилет - граммдардын ордуна миллиграммдар, куб метрлердин ордуна литрлер көрсөтүлөт (1000 эсе ката кетирилет). 
Бул фактылар 2008-жылы "WESA" (ВЕСА) компаниясы жана 2009-жылы "SENES Consultants LTD" (СЕНЕС Консультантс ЛТД) компаниясы тарабынан аныкталган. 
6. Петров көлү. Петров көлү жырылып кетсе Нарын дарыясынын бүткүл бассейни үчүн катастрофалуу болот, анткени көлдөн 5 км төмөндө "Кумтөр" руднигинин алтын казып алуучу уу калдык сактоочу жайгашкан. Анын калдыктарында уулуу заттар, анын ичинде цианиддер бар. Ушул мүмкүн болуучу катастрофаны четтетүү боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн жери жок. 
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-ж. 10-марттагы № 76 "Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" 2009-ж. 5-июнудагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министр И.Чудинов кол койгон токтому менен Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун аянты өзгөртүлүп, 4380 га аянт КОКтун пайдасына бөлүнүп берилген. Анын жалпы аянты ушул тапта 129 760 га жерди түзөт. 
Ушул тапта коруктун алдында олуттуу проблема - анын аймагынын бүтүндүгүн сактап калуу турат, буга болсо ""Кумтөр" Голд Компани" ЖАКнын жана "Алтын Минералз" ЖЧКсынын жер казынасын пайдалануучулары ат салышып жатышат. 2010-жылы ""Кумтөр" Голд Компани" ЖАКна коруктун буфердик зонасында (Коёнду) геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө лицензия берилген. 
(Коёнду аянты № 2646 АП лицензиясы, алтын, аянттын өлчөмү 13360 га) ушул участкада 2011-жылдан бери иш жүргүзүүдө.
Ошентип, бүткүл Борбордук Азиянын Биотүркүмдүүлүгүн сактоодо глобалдык мааниси бар корукка Кызыл Китепке киргизилген жаныбарлардын баардык түрлөрүн жок кылуу коркунучу турат, мындагы эң башкысы - бүткүл Экосистема жок кылынат. А бул болсо баардык мыйзамдарды жана конвенцияларды бузгандык болуп эсептелет. 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик ушул жерлерди бөлүүнүн мыйзамга каршы экендигин белгилеп (2009-ж. 4-июндагы чыгыш № 01-21/1290), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун долбоорун макулдашкан (директору Давлеткелдиев А.А. ) бул атайлап ойлонуп табылган кызматтык кылмыш болуп эсептелет. 
Урматтуу депутаттар! Берилген алдын ала эксперттик бааларга ылайык жаза пул санкцияларысыз жана туумдарсыз (пениясыз) айлана-чөйрөнү булгоодон келтирилген зыяндын өлчөмү 300,0 млн АКШ доллары, а санкцияларды эсепке алганда 1 млрд дан ашуун АКШ долларына чыгат.
Келтирилген зыяндын толук суммасын эсептеп чыгуу үчүн КОКтон жана Маморгандардан көрсөтүлгөн документтерди алуу зарыл. Бул өтө маанилүү, анткени 2009-ж. 24-апрелдеги Жаңы шарттар жөнүндө күчүндө турган макулдашуу боюнча Өкмөттүн КГКга же КОКко карата ар кандай түрдөгү жана мүнөздөгү талаптарынан баш тартуу мурда аныкталбаган экологиялык зыянды ачкан учурда иштетилбейт. 
Ушундан улам чыгарылуучу башкы жыйынтык. 
КОК жаратылышты коргоочу улуттук мыйзамдарды этибар албай жатат, ушунун натыйжасында айлана-чөйрөгө эбегейсиз зор зыян келтирилүүдө, "Кумтөр" руднигинин ишинен экологиялык тобокелдиктер азайтылбай жатат. 
Урматтуу депутаттар! 
КОКтун жогоруда саналып өткөн мыйзам бузуулары мамлекеттик контролдоочу органдардын жана Кыргызстандын жогорку бийлик эшалондорунун шалакылыгынан улам болду. Буга далил катары "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда болгон ар кандай көз боёмочулук фактыларын келтире кетким келет. 
1. "Кумтөр" долбоорунун адепки наркы 276,6 млн АКШ долларын түзгөн. Долбоор боюнча артык баш чыгым 175,6 млн АКШ долларына чыккан. Бул сумма Канадалык ишкерлер менен биздин ошол кездеги чиновниктердин чөнтөктөрүнө кеткен. Демейде иш жүзүндө тикелей чыгымдар кыйыр жана кокусунан болгон чыгымдардан ашып кетет. Сөз болуп жаткан учурда бардыгы тескерисинче болгон. Эң чоң үлүшүн административдик-башкаруу чыгымдары түзгөн кыйыр чыгымдардын ашып кетиши 86,2 млн АКШ долларын же ТЭНде салынгандан эки эсе чыгымды түзгөн. Иш жүзүндөгү тикелей чыгымдардын суммасынын ашып кетиши 46,2 млн АКШ долларын, а кокусунан жумшалган чыгымдар 43,2 млн АКШ долларын түзгөн. Ушундан улам бул ыкма менен акчалай каражаттар адалданып турган, "Кыргызалтын" ААКнын өкүлдөрү тарабынан тиешелүү контролдун жоктугуна байланыштуу (мунун башчысы бир эле учурда КГК орток ишканасынын Аткомунун төрагасы болуп эсептелген) алардын дармансыздыгын же болбосо кайсы бир даражада өзүнүн кызыкчылыгы бар экендигин көрсөткөн. 
Ушул эле контексте жүктөрдү автотранспорт менен ташууга өзүн-өзү актабаган көп каражаттар жумшалгандыгын белгилей кетсе болот (темир жолу же деңиз жолу менен 500,0 миң АКШ долларынын ордуна 4,7 млн АКШ доллары чыгымдалган). 
2. Долбоордун кайра каралган наркы 452,2 млн АКШ долларын түзгөн (№ 24-папка, 1310-беттер). Бирок көз карандысыз аудит тарабынан текшерилген КГКнын финансылык отчету боюнча 435,2 млн АКШ доллары өздөштүрүлгөн.
А калган 17 млн АКШ долларынын тагдыры (452,2-435,2) белгисиз. Бул каражаттар биздин чиновниктерди сатып алууга "жумшалды" деп болжоого гана болот. 
3. 2003-жылдан 2006-жылга чейин Кыргызалтын Кредиттик макулдашуулар боюнча Лондон Стандарт Банкы менен 320-338 АКШ доллары баасы боюнча алтын менен эсептешкен, дүйнөлүк баа ал кезде унциясы үчүн 500-600 АКШ доллары эле. Ушунун натыйжасында 7 млн АКШ долларына зыян келтирилген (№ 32-папка, 129, 14-беттер). Мындан тышкары Кыргызалтындын кызматчыларынын компетентсиз иш-аракетинин кесепетинен 1,3 млн АКШ доллар доо коюлган суммасы төлөп берилген. 
4. 2009-жылы Камеко Кыргызстанга мамбюджеттин карызын жабууга 2002-ж. 1-декабрга чейин "Кумтөр" долбоорунун түзүмүн өзгөртүү шарты менен4,0 млн доллар карыз берген. 
Бирок, бул мөөнөткө карата түзүмдү өзгөртүү болгон эмес, Камеконун алдындагы карызды "Эккерд" компаниясы жабыш керек эле, ал 2002-жылы "Кумтөр" руднигинин карьеринин борту кыйроодон алынган камсыздандыруу суммаларынын ордуна чегерилген. 
2003-жылдын 31-декабрында "Кумтөр" долбоорун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 4 млнАКШ долларын кайтарып берүү боюнча милдеттенмеден бошотулган, муну менен "Эккерд" компаниясынын милдеттенмеси жокко чыгарылган. Бирок Кыргызалтын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча "Эккерд" компаниясына 11 млн АКШ долларындагы сумма мыйзамсыз которулган. Бул сумма Кыргыз тарабына компенсация түрүндө "Центеррадан" 2002-жылы "Кумтөр" руднигинин карьеринин урашына байланыштуу түшкөн, б. а. өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул сумма ушул мезгилге чейин кайтарылып бериле элек.
Урматтуу депутаттар! 
Мыйзам бузуулардын негизги себептери катары "Кумтөр" долбоорун башкаруунун учурдагы системасын эсептейбиз, мында коррупциялык схемалар жана орой мыйзам бузуулар учурайт. 
Фактыларды келтирейин: 
1. КОКтун жогорку жетектөөчү звеносунун курамында кандайдыр бир жогорку базалык же профилдик билими болбогон чет өлкө жарандары бар
- Родни Ступарик - биринчи вице-президент, Дэвид Киф - кадр маселелери боюнча вице-президент, жогорку билими жок, Дэвид Киф мурда катардагы полицей болгон. 
- Эд Гей Лорд - бургулоо жумуштарынын жетекчиси, профилдик билими жок. Учурда өзүнөн 10 эсе жогору билишкен биздин тоо инженер кыргыз балдардын үстүнөн башкарып олтурат. 
2. "Ред Пас" чет өлкө компаниясы, коркунучтуу өндүрүштүк объектилерди иштетүүгө лицензиясы жок, тоо-өткөөл жумуштарына киргизилген. Руданы иштетүүдө профессионалдык эмес мамиле жасагандыгы үчүн борбордук карьерде Давыдов мөңгүсү жылып кеткен. Мөңгүнүн карьердин тереңин карай интенсивдүү жылышы бул экологиялык катастрофага алып келүүчү негизги белгилердин бири. "Кумтөрдүн" жетекчилиги жана биздин Кыргыз өкмөтү эч нерсе болбогондой түр көрсөттү. Биздин көзүбүзчө Экокатастрофа жүрүп жатат, ал эми биздин баардык жоопкерчиликтүү кызмат адамдарыбыз балык сымал унчугушпайт. Ушул жашыл долларлардын мыйзамы кыргыз чиновниктери үчүн Кыргызстандын келечегинен кымбат болуп калдыбы? Ушул факт боюнча мамлекеттик тергөө комиссиясын түзүү жана баардык финансылык, анын ичинде кирешенин аркасынан түшүп экокатастрофага жол берген канадалык адистерди да жазалоо зарыл. 
3. Социалдык сферага Центерра тарабынан чегерилип жаткан каражаттар адилетсиз жүргүзүлүүдө: 
- "Кумтөр" долбоору боюнча Кыргыз Республикасына - 1,15 млн АКШ доллары; 
- Бороо жана Гатсуурт долбоорлору боюнча Монголияга - 6,54 млн АКШ доллары. 
Ал эми Монголияда болсо бул эки кен тең эбактан бери иштебейт: Бороо кенинде алтын казып алуу эбак аяктаган, а Гатсууртка берилген лицензия Монголиянын токой жана суу мыйзамдарына өзгөртүүлөр кабыл алынгандыгына ылайык токтотулган, ал эми 90%дан ашуун Центерранын кирешесин "Кумтөр" рудниги берүүдө (№ 32-папка, 248-бет).
4. Центерранын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз эмгеги үчүн бараандуу акы алышат. Маселен, 2011-жылы Кыргыз өкүлдөрү Амангелди Муралиев, Карыбек Ибраев, Нияз Алдашевдер 188,9 миң АКШ долларын тагыраак айтканда айына 16000 доллардан алышкан. Мындан тышкары Канадага иш сапарларында кошумча иретинде чөнтөк чыгымдар үчүн транспорттук чыгымдарын жана жашоо тиричилигине жумшалуучу каражаттарды эсепке албаганда 4500 АКШ долларынан кошумча алышат. 
Бирок биздин Кыргыз өкүлдөрү КГК менен КОКтун ишине контролдук кылуудан толугу менен өздөрүнөн өзү эле четтеп кетишкен. Себеби мен жогоруда айткандай айлык акыдан көз каранды болушат. Рудниктин негизги ишине тиешеси жок материалдар сатып алынат, жөнөтүлүүчү технологиялык жабдуу шаймандардын баасы жогорулатылган, чоң суммаларга тиешеси жок чийки заттар жана химиялык реагенттер сатып алынат, КОКтун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иши караманча контролдонбойт. Бул тууралуу бүткөн бойду дүркүрөткөн фактыларды мен сөзүмдүн баш жагында айтып өттүм. Мына ушулардын бардыгы алардын биздин республиканын кызыкчылыктарын коргоого адилетсиз мамиле жасап жаткандыгын көрсөтүп турат.
Ушундай эле пикирди "Кыргызалтындын" жетекчилерине карата да айтса болот, анын төрагасы Дилгер Жапаров бир эле учурда КГК Директорлор кеңешинин төрагасы, "Кыргызалтын" башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп эсептелет. Т.К.Сабыров - КГК текшерүү комиссиясынын мүчөсү. Булар тарабынан өздөрүнүн ээлеген кызмат орундарына байланыштуу эки эсе жоопкерчиликте боло тургандыгына карабастан тиешелүү чараларды көрүшпөйт. Бул ишмерлерди угуш керек, эл ошондо биздин балдардын келечегин ким саткандыгын жана уурдоону улантып жаткандыгын билиши керек. 
5. КОК ушул эле жылы Кыргызстан үчүн 21 млн АКШ долларын же 1 млрд сом бөлдү (№ 34-папка, 152-бет). Бирок 2012-жылдын 30-апрелинде бул сумма КР Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигине караштуу "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттигинин эсебине которулган. Мунун максаты КР Өкмөтүнүн жакырчылыкты кыскартуу боюнча демөөрчүлүк жардамы катары айыл жерлериндеги тургундарды жылына 7% менен кредиттөө эле. 
Эмне үчүн иштеп жаткан мамлекеттик 2 банк турса ("РСК банк", "Айыл банк" ААК) жаңы микрокредиттик мекеме түзүлдү? Себеби банктар аркылуу берсе азыркы биздин чиновниктер жейм деген акчаларын жей албай калышат.
6. КР Өкмөтүнүн 10.12.1997-ж. № 720 токтому менен түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна "Кумтөр" руднигинин Дүң Кирешесинин 1%ы түзөт. Бардыгы 1994-2011-жылдары 23,036 млн АКШ доллары төгүлгөн, анын ичинде 2011-жылы 10,790 млн АКШ доллары салынган.
Бул фондго түшүп жаткан байкаларлык суммага карабастан бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда улуттук масштабдагы бир дагы маанилүү долбоор жүзөгө ашырылган эмес. Көп жагынан каражаттар рационалдуу пайдаланылбайт. Фонддун каражаттары көп учурда ар кандай маданий-спорттук иш-чараларга (фестивалдарга, юбилейлерди уюштурууга, кесиптик майрамдарды ж. б. өткөрүүгө пайдаланылат (№ 18-папка, 228-300). 
Эми "Кумтөр" бизге кандай пайдаларды алып келгендигине токтоло кетким келет. 
"Кумтөр" долбоорунун бүткүл тарыхында салыктар кармалгандан кийин Кыргыз Республикасынын пайдасына дивиденддер ""Кумтөр" Голд Компани" жабык акционердик компаниясынын ишинин жыйынтыктары боюнча төмөндөгүчө төлөмдөр берилген (№ 23-папка, 35-бет).
2001-жыл - 6 млн АКШ доллары;
2003-жыл - 4 млн АКШ доллары;
2010-жыл - 4,2 млн АКШ доллары;
2011-жыл - 30,16 млн АКШ доллары.
Бардыгы: - 44,36 млн АКШ доллары. 
Ошентип "Кумтөр" руднигинин иштөөсүнүн баардык жылдарында, б.а. 15 жыл ичинде Кыргызстан бардыгы болуп 44,36 млн АКШ долларлык киреше же жылына орто эсеп менен 2,957 млн АКШ долларлык киреше алган. 
Ушул жылдардын ичинде сатып өткөрүлгөн алтындын салмагы 258,6 тоннага барабар. 
Урматтуу депутаттар! Ушул цифралардын айланасында ой жүгүртүп көрсөңүздөр кыргыздын жогорку кызмат адамдарынын абийири кеткендиги түшүнүктүү болуп чыга келет. 
Ошентип, бардыгы болуп 258,6 тонна алтын сатып өткөрүлсө, анда булардан Кыргызстан бардыгы болуп натуралай туюнтканда 1,4 тонна гана алтын алган (1 тонна = 32 150. 7 7466 трой унция). Күмүш болсо 78,5 тонна алынып кетип Кыргыз тарапка 1 кг дагы калган эмес. 
Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөндөй "Центерра Голд Инк" компаниясынын маалыматтары боюнча "Кумтөр" руднигинин иштөөсүнүн баардык жылдарында Кыргыз Республикасынын пайдасына 1,852 млрд АКШ доллар жалпы суммадагы төлөм жүргүзүлгөн. Анын суммасына жогоруда көрсөтүлгөн дивиденддер, баардык сатып алынган товарлар, төлөнгөн эмгек акысы, салыктар, жыйымдар ж. б. төлөмдөр, соцфондго чегеримдер б.а. баардык чыгымдар Кыргызстандын пайдасындагы төлөмдөргө киргизилген, мында Кыргызстандын таза кирешеси болгону 44,36 млн АКШ долларын гана түзөт. 
"Кумтөр" долбоорунун кирешелүүлүгүнө байланыштуу Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев 2012-жылдын январында Түркияга жасаган расмий визитинин жүрүшүндө Түркиянын Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө төмөндөгүнү белгилеген: 
"Бизде өз нефтибиздин запасы бар, бирок аны эч ким казып албайт, жыл сайын биз башка өлкөлөрдөн күйүүчү майды кыйынчылык менен ташып келип турабыз. Биздин жаратылыш ресурстарыбыз болсо тышка бекерден-бекер ташылып кетип жатат. "Кумтөр" руднигинен эле акыркы он жыл ичинде 10 млрд доллардан ашуун суммадагы алтын ташылып кетти, Кыргызстандын казынасына болгону ушул сумманын 3% гана түштү" (Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тарабынан берилген сүйлөнгөн сөздүн толук тексти 2012-ж. 13-январда "Кабар агенттигинин сайтына жарыяланган", (№ 49-папка, 118-120-беттер). 
Урматтуу депутаттар! Комиссиянын ишинин негизги жыйынтыктары ""Кумтөр" Оперейтинг Компани" жабык акционердик компаниясы тарабынан Кыргыз Респуб-ликасынын жаратылышты коргоочу мыйзамдарынын нормалары менен талаптарын сакталбаган көп сандаган фактыларын аныктоо болуп эсептелет. Ушунун кесепетинен айлана-чөйрөгө эбегейсиз зыян келтирилүүдө, бүгүнкү күнгө карата анын өлчөмү 300,0 млн АКШ долларына жакын (эселенип көбөйтүлгөн коэффи-циенттерди, туумдарды эсепке албаганда ирилештирилген эсеп-кысап боюнча), санкцияларды эсепке алганда бул сумма 1 млрддан ашуун АКШ долларын түзөт.
Ушуларды эсепке алганда комиссиянын ишин улантуу, КОКтон жана маморгандардан жетишпеген документтерди алуу жана КОК тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын толук өлчөмүнүн эсеп-кысабын жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөрдү тактоо жана баштапкы маалыматтарды алуу зарыл экендиги талашсыз. Мыйзам бузуулардын ачылган баардык фактылары боюнча күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкер-чиликке тартуу максатында тергөө иштерин жүргүзүү зарыл.
Урматтуу депутаттар! 
Биз бардыгыбыз "Кумтөр" руднигинде жасалып жаткан баардык кылмыштарды аңдап билишибиз керек, бул - эл аралык масштабдагы кылмыш. Эгерде "Кумтөр" руднигинин калдык сактоочу жырылып кетсе, анда гүлдөгөн бүткүл Фергана өрөөнү какыраган чөлгө айланат. Экология түзүүчү Давыдов мөңгүсүнүн жок болуп кетиши Борбордук Азиянын бүткүл экосистемасына орду толгус зыян келтирет. Биз ушул ишти логикалык соңуна чыгарышыбыз керек, ошондо учурдагы жана келечек муундардын алдында эбегейсиз жоопкерчиликти моюнга алган болобуз! 
Ошондуктан биздин комиссиянын мөөнөтүн узартып берсеңиздер. Прокуратура, ГКНБ, МВД, финполициядан турган тергөө тобун түзүп күнөөлүүлөрдү аныктап камачусун камап, кустурчусун кустуралы. 
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Булак: "Майдан kg" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter