19 марта 2013, 14:41

Орозбек Дүйшеев, КРнын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти: "Кумтөр" бүгүнкү күндө саясатташкан маселеге айланды

Орозбек Дүйшеев, КРнын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти: "Кумтөр" бүгүнкү күндө саясатташкан маселеге айланды
Кийинки убактарда Кумтөрдүн тегерегиндеги чуулгандуу маселелер басылбай, эл арасында көптөгөн нааразычылыктар жаралып жатканы жалпы коомчулукка белгилүү. Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында Канадалык компания "Центерра Голд Инк" менен 2009-жылкы келишимди кайрадан түзүү жөнүндө маселе козголгондо, канадалыктар: "2009-жылкы келишим туура жана мыйзамдуу болгон" дешти. Мында эки тараптар келише алышпаса, бул маселе дүйнөлүк арбитраждык сотко чейин жетмей болору анык болду. Кумтөрдүн чоо-жайын билүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти, Манас орденинин III даражадагы ээси, КРнын эмгек сиңирген өндүрүшчүсү, КРнын Инженердик Академиясынын академиги, Жогорку Кеңештин 2000-2005-жылдардагы мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев менен маектештик.

- Орозбек Дүйшеевич, Кыргызстандын кен байлыктары тегерегиндеги чуулгандуу маселелер көп жылдан бери эле басылбай келе жатат. Азыркы убактагы тоо-кен өндүрүшү менен "Кумтөрдүн" абалына токтолсоңуз? 

- Кыргызстан эгемендүүлүккө өтөөр алдында,1990-жылы жан башына жылына 3280 америкалык доллар ички дүң продукция өндүрүп, мурдагы Советтер союзунда 4-5-орунда болсок, Орто Азияда биринчи орунда элек. Азыр миң доллардын тегерегинде өндүрөбүз, жөнөкөй сөз менен айтканда, эң артта калдык. Өлкөбүзгө элдин кызыкчылыгын ойлобогон, чет элдик аферисттердин сунушун угушуп, өлкөбүзгө жапайы капиталисттик системаны киргизип, өндүрүштү талкалашып, талап-тоноочулукка өтүштү. Биздин өлкө кен байлыктары арбын өлкөлөрдүн эсебине кирет. Тоо-кен тармагынан чыккан продукциялардын дүйнөлүк баасы күндөн-күнгө өсүүдө, ошого байланыштуу сырттан жана ички да инвестицияны табууга мүмкүнчүлүктөр бар. Демек, бул тармакты өстүрүүгө, тоо-кен тармагы өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүндө негизги күч болуп калууга толук шарт бар. Тилекке каршы, бул тармакты өстүрүүгө саясый чечкиндүүлүк жетишпей, алдыга жылуу көрүнбөй турат.
Кийинки мезгилде, 2012-жылдан бери өлкөбүздүн биринчи жетекчилери жогорудагы келтирилген каталыктарды жоюуга көп аракеттерди жасашууда. Өткөн жылдын март айында Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы тоо-кенчилер жана геологдордун ассоциациясынын жетекчилерин, адистерин кабыл алып, кеңеш өткөздү. Сентябрь айында жаңы Өкмөт шайланып, биринчилерден тоо-кенчилердин адистерин кабыл алып, алардын сунуштарын эске алып, тоо-кен тармагынын жетекчилигине адистерди дайындай башташты. Кыска мөөнөт - эки-үч айдын ичинде, бүткүл өлкөдөгү тоо-кен ишканалары менен жеринен таанышып чыгышты. Жакында, 2013-жылдын январь айында кабыл алынган Улуттук туруктуу өнүгүүнүн стратегиясында тоо-кен тармагын стратегиялык тармактын бири экендигин көрсөтүп, бул тармакка айрыкча мамлекеттик көңүл буруусу каралган. Бул саясый маанидеги документ экендигин туура түшүнүп, ишке ашырууга милдеттүүбүз.
Эгемендүү башкарууга өтөөр алдында Кыргызстан тоо-кен тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн эсебине киргенбиз. Көмүр казуу боюнча жылына 4,0-4,5 миллион тонна чыгарып, "Орто Азиянын кочегары" деген атка конгонбуз. Сурьма казуу боюнча биздин өлкөдөн чыккан сурьманын кошулмасы дүйнөлүк эталон болуп эсептелчү, сымап боюнча Совет өлкөсүнүн керектөөсүн толук камсыз кылчубуз, 80-жылдардын баштап алтын казууга жетишкенбиз. Ошондой эле өлкөбүздөгү бир топ мамлекеттик маанидеги "Сары-Жаз" калай-вольфрам, "Жерүй", "Талды-Булактын сол жээги", "Кумтөр" алтын кендери сыяктуу ири кендер иштетүүгө даярдалып, кээ бирлеринде курулуштар башталган.
Тилекке каршы, "Кумтөр" кенинен башкасын 20-30 жылдан бери ишке киргизе албай келебиз. Мындай абалга келгенибиздин себеби, өлкөбүздө бирдиктүү адистер тарабынан иштелип чыккан саясат жок. Бул тармакка коррупция терең сиңген, кийинки эле 2005-жылдан баштап кендерди иштетүүгө лицензия берүү башаламандыкта болду.
Кыргызстандын кен казуу өнөр жайы бүлүнгөн абалга келген. Кендердин жана шахталардын бир бөлүгү консервацияланып, калгандарында продукцияны өндүрүү ар кандай себептер боюнча кыскартылган болчу. Каалагандарга жер казынасын пайдаланууга укукту ар тараптуу экономикалык негиздөөсүз, лицензияны акысыз негизде жана лицензия берүүнүн тартиби ар кандай бузуулар менен берүү, жеке структуралар тарабынан өлкөнүн акыркы 50 жылдагы геологиялык изилдөөлөрүнүн көлөмдөрү жөнүндө толук маалыматтарды ачыкка чыгарышына алып келди. 900дөн ашык лицензиянын арасында кен иштетүү тармагында дурус тажрыйбасы бар бир да структура жок. Бул - экономика чөйрөсүндөгү кырдаалдын начардыгын айгинелейт. Кен казуу чөйрөсүндөгү саясат мамлекеттин таламдарын көздөгөн эмес, жана бул чөйрөнү атайлап мамлекеттин контролдугунан чыгаруу максатында жүргүзүлгөн.
Тоо-кен тармагында саясат жөнүндөгү негиздөөнү 2005-2006-жылдарда Максим Бакиев башында турган Гуревич, Елисеевдер түзүшүп, өзүлөрүнүн арамза максаттарын ишке ашырууга багытташкан. Биздин элибиздин байлыгы болуп эсептелген кен байлыктарын өзүлөрүнүн менчигине айлантууга мыйзамдык шарт түзүшкөн. Алар ушундай арамза ойлору менен 2005-жылы Конституцияга "кен байлыктар да жеке менчик болууга мүмкүн" деген өзгөртүү киргизүүгө жетишкен. Азыркы Конституцияда "кен байлыктары …башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет" деп так жазылган. Демек, жогоруда көрсөтүлгөн саясый сунуш бүгүнкү күндөгү Конституцияга каршы келет.
"Кумтөр" Кыргызстандагы ири кен байлыгы болуп, мамлекеттик менчик болгондон кийин биз адистер бул кендеги абалды изилдеп, өз ойлорубузду айтып, сунуштарды берип турууга милдеттүүбүз, бирок биздин сунуштар бийлик тарабынан кабыл алынбагандыгы бизди капаландырат. 

- Кумтөрдүн келишими 1997-2003-жылдан бери эле белгилүү. Бул ойду ошондо легендарлуу парламент айтып чыкканын коомчулук унута элек, бийликтегилердин көксөгөн ойлору бөлөк болгондуктан укпай койдубу же жеткиликтүү тажрыйба болбогондуктан ушундай абалга келдиби? 

- "Кумтөр" боюнча келишимдер түзүлүп жатканда эле кыргыздын адистерин кошпой, ал кездеги президент Аскар Акаев тоо-кен тармагында түшүнүгү жок адамдарды аралаштырганы баарыбызга маалым болгон. Кумтөр курулгандан баштап эле коррупция иши башталган, буга мисал, курула турган ишкананын курулуш долбоору 276 млн. доллар болсо, ага жумшалган каражат 452 млн. доллар сарыпталган, мында 176 млн. доллар ашык кымбат курулган. Ошондо биз "ашыкбаш каражат жумшалды" деп чыкканда, өкмөт бизден чочулап өздөрү шашылыш комиссия түзө коюп, түзүлгөн комиссия аныктамасында "Туура" деп чечим чыгарып салган. 
Ага карабастан, ошол кезде легендарлуу парламент мүчөсү, профессор - Шергазы Мамбетов өз ойлорун айтып каршы турган. Биздин тынымсыз айткан сунуштардын жана каршылыктардын негизинде, кийинки жылдарда өлкөбүздүн экономикасына "Кумтөр" көрүнүктүү салым кошуп жатканын бүгүн эч ким тана албайт. "Кумтөр" боюнча жүргүзүлгөн саясат, биздин өлкөдөгү жалпы эле тоо-кен тармагы боюнча саясаттын күзгүсү десек туура болот. Бул боюнча кыскача жүргүзгөн анализди келтирейин, негизинен "Кумтөрдүн" иш аракеттерин үч этапка бөлүп айтсам болот. Биринчи этап - 7 жыл, 1997-2003-жылдар аралыгы, бул жылдарда "Кумтөр" алтын комбинаты Генералдык макулдашуунун жетектөөсүндө иштеген. Экинчи этап - 4 жыл аралыгы, 2004-2007-жылдары жаңыча түзүлгөн реструктуризацияланган (2003-жылдын 31-декабрында кабыл алынган) келишимдин жетектөөсүндө иштеген. Үчүнчү этап - 4 жыл, 2008-2011-жылдар аралыгы, 2012-жылдын жыйынтыгы али жарыялана элек.
2007-жылы өзгөртүлүп түзүлүп, 2009-жылы кээ бир өзгөртүүлөр киргизилген келишимдин жетектөөсүндө иштеп келет. Бул жылдардагы негизги экономикалык көрсөткүчтөрдү иликтеп, бул ишкана кандай башталган, кайда бара жатабыз деген жыйынтыкка келип өз сунушубузду айтууга болот.
Таблицада көрсөтүлгөндөй, бүткүл экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жаңы башталгандагы жети жылга салыштырганда көптөгөн эсе алдыга кеттик. Маселен, бюджетке жылына орточо түшкөн киреше кийинки төрт жылда (103,6:11,4) 9,0 эсеге өскөн, геологиялык чалгындоо (12,4:1,12) он эсеге көбөйгөн. Мындан сырткары, кыргыз элине тиешелүү 77,4 миллион акциябыз бар, алар Торонто шаарында дүйнөлүк белгилүү баалуу кагаздар биржасында сакталып турат. 
2011-жылдын декабрь айында анын бирөөсүнүн баасы 22 долларга чыккан же болбосо жалпы суммасы 77,4х22=1702,8 миллион долларды түзгөн. Бул акцияларды сатса да болот же дүйнөлүк банктарга күрөөгө коюп карызга акча алсак болот. Кыргызстандын алтыны дүйнөлүк мааниге ээ, анын тазалыгы 999,9 пробадагы же 4 тогуздук алтын деп таанылат, дүйнөдө 1,2 орунда. Кумтөрдөн казылган алтын "Кыргызалтын" акционердик коомундагы аффинаждык заводдо тазаланып, "Кыргызалтын" сатат. Аны алып калууга биздин банктарда бош акча жок. Мына ушул цифраларды көрүп туруп кээ бир саясатчылар, "Кыргызстанда бар болгону 1,4 тонна алтын калды, "Кумтөр" өлкөбүзгө зыяндан башка пайда алып келген жок" деген ураан таратып, жалпы кыргыз элин козутуп, ой толгоосун бузуп, провокациялык, эл бузарлык, арамза иштерин жүргүзүп жатышат. Ушундай пландаштырылган провокациялык жүрүштөрдүн жыйынтыгында эл арасында түшүнбөстүктөр пайда болуп, тоо-кен тармагынын өсүшүнө бүгүнкү күндө массалык каршылыктар пайда болууда. Бул маселе бийлик тарабынан түшүндүрүү жана тарбиялык иштер жүргүзүүнү талап кылат. 

- Ушул жерден бир суроо жаралат, мындай провокациялык иштерди кимдер жүргүзүп жатат, кимдер кызыкдар, алардын көксөгөн максаты эмнеде? 

- Албетте мурдагы президенттердин өзүлөрү жана ошол учурда коррупциялык иштерге аралашкан алардын жан-жөкөрлөрү менен кол койгон адамдары. Кумтөр алтын кени боюнча кетирилген каталыктар биринчи күндөн эле изилденип, өз убагында саясый баа берилип, иш чаралар сунушталган. Кейиштүүсү, коррупцияланган бийлик аны аткарган эмес. Биз жогоруда көрсөткөн биринчи этаптагы негизги каталык, Кумтөр алтын кенин курууда мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугунан, корпоративдик-демократиялык башкаруудагы директорлор кеңешин жоюп салганында. 9 адамдан турган директорлор кеңешинин 6 адамы кыргыз тарабынан болмок. Ал гана эмес мамлекеттик атайын көзөмөл органдарын да Кумтөр алтын комбинатынын аймагына киргизген эмес. Бул маселе боюнча өз убагында айтылып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча иш козголгон. Аны аткаруу гана керек болгон, ал дагы аткарылбай калган. 
Ошондо эле коррупцияланган А.Акаев башында турган бийлик, 2003-жылдын 31-декабрында "Кумтөр" алтын комбинатын реструктуризациялоо боюнча токтомго кол коюп, элдин кызыкчылыгына каршы иш жасашкан. Бул чыккынчылык иштер боюнча 2004-2005-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйыны төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алган:
"Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Кумтөралтын" долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун жокко чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Центерра Голд Инк" жана "Кумтөр Голд Компанинин" ортосундагы инвестициялык макулдашууга, ошондой эле бул документке байланышкан башка документтерге кол коюусун жараксыз деп тапсын; 2003-жылдын 16-апрелиндеги жана 2004-жылдын 11-февралындагы парламенттик угуулардын сунуштарын аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн". 
Буга далил токтомдор бар, 2004-жылдагы 25-июнундагы Жогорку Кеңештин 3№1694-II токтому.
"Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген инвестициялык макулдашуу, концессиялык келишимге түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду, "Кумтөралтын" долбооруна тиешелүү Башкы макулдашууну жаңыртуу жана колдонушун токтотуу жөнүндө макулдашууну жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтому өз ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана ага ылайык мыйзамсыз деп табылсын". (20-январь 2005-жыл, Жогорку Кеңештин токтому 3 №1906 -II). 

- 2005-жылы ыңкылап болуп өттү, бийлик алмашты, өкмөткө бөлөк адамдар келди. Менин билишимче, өкмөт тарабынан Кумтөр алтын кени боюнча эксперттик комиссия түзүлдү эле го. Ушуга да токтолсоңуз, ошол комиссиянын жыйынтыгы эмне менен бүттү? 

- "Кумтөр" алтын кениндеги иштерди кыргыз элинин кызыкчылыгына буруу максатында, коомдук уюмдардын жана депутаттардын суроо-талаптарын эске алуу менен 2007-жылдын май айында өкмөт тарабынан эксперттик комиссия түзүлгөнү туура. Комиссиянын жетекчилигине ошол кездеги каржы министри А.Жапаров бекитилген. Тоо-кен тармагында адистердин изилдөөсүнүн жардамы менен август айында өкмөт жаңы келишимдин долбоорун бекиткен. Негизги жаңылыгы, салыкты жалпы товардык продукциядан алуу, Кыргызстандын үлүшүн жаңы "Центерра Голд Компаниясын" түзгөндө 50% ашыруу болуп эсептелген. "Центерра Голд Инк" компаниясын түзгөндө "Кыргызалтын" акционердик коомунун үлүшүн 33 % га түшүрүп, анын жарымын 7,5 млн. акциясын 2004-жылы эң арзан баада сатып жиберишкен. 
Комиссия "Центерраны" уюштурууда Кыргызстандын үлүшүн 52% боло тургандыгын далилдеп, 7,5 млн. (33% жарымын) акциясын сатылып кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын үлүшү 30% тегерегинде болуп 66,4 млн. акцияга ээ боло тургандыгы макулдашылган. 2009-жылы бул долбоорго толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, анын ичинде кошумча алтындын изилденген корун кошуп берүү менен акциянын көлөмүн 77,4 миллионго жеткизип, Кыргызстандын үлүшү 33% көтөрүлгөн. Таблицалык көрсөткүчтөрдө көрсөтүлгөндөй, бул келишим өлкөбүздүн экономикасына олуттуу пайда берүүдө. 

- Бүгүнкү күндө "Центерра Голд Инк" компаниясынан "Камеко" фирмасы чыгып кеткен да, туурабы, бул жерде Кыргызстан алтын өндүрүү боюнча ири компаниялар арасына да кирип калды, өлкөбүздүн үлүшү бар. Жакында Жогорку Кеңеш "Кумтөрдүн" маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын угуп, өкмөткө "Кумтөр" келишимин карап чыгуу үчүн үч айлык мөөнөт койду. Эгерде бул маселе чечилбесе, дүйнөлүк арбитраждык сотко кайрылабыз деп жатышат, анда абал кандай болот? 

- "Центеррада" эң ири акционер Кыргызстан болуп эсептелет. Бул компания дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын эсебине кирип калды. Бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдө да ишканалары бар, аларда да биздин үлүшүбүз бар. Демек, Кыргызстан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнөктүк иштери бар өлкө болуп калды, бул бүгүнкү күндөгү саясатка туура келет. "Центерра" ачык компания, коррупция менен күрөшүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки жылдарда Кыргызстандын жетекчилери да бир топ пайдалуу иштерди жасашты. "Центерра" компаниясынын жетекчилигине Кыргызстандын өкүлүн киргизүүгө, директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргызстандын үч мүчөcүн киргизүүгө жетишти, азыр да төртүнчү мүчөнү киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Кумтөр" бүгүнкү күндө саясатташкан маселеге айланды. Менин толук ишенимимде, бул комиссиялардын эч кандай кереги жок болчу. Бул комиссиялар кандай ачылыштарды жасады же пайда алып келди? Булардын материалдары менен толук таанышып чыктык. Келтирилген фактылар мурда эле айтылып, жазылып келген, чечимдер кабыл алынган, бирок аткарылбай келген. Тоо-кен өндүрүшүндөгү өзгөчөлүк - убакытка тыгыз байланышкан. Мурдагы комиссиялардагы көптөгөн сунуштарды азыр аткарууга болбойт, убакыт өтүп кетти. 
Парламенттик комиссия саясатташкан жыйынтык чыгарып, өлкөбүздүн экономикасына жана биримдигине көптөгөн зыян алып келди. Алардын ойлоп тапкан лозунгдарын эмоциялык, авантюралык, провакациялык чакырык катары кабыл алдык. Булардын эч кандай негизи жок жүрүштөрүнүн негизинде акциянын баасы үч-төрт эсе төмөндөп, жалпы баасы 2011-жылдын декабрь айына салыштырганда 700-1000 миллион сомго төмөндөдү. Өлкөбүздүн инвестициялык саясатына шек келтирди, чет өлкөлүктөрдүн кыргыз бийлигине ишеними төмөндөөдө.
Мамлекеттик комиссия айласыздан түзүлгөндөй болду, албетте жаңы ачылышты булар деле жасаган жок, бирок булар терең изилдеп, ар бир фактыга негиздеме берип, мыйзамдарга, мыйзамдык актыларга такаганы татыктуу иштер деп эсептеймин. Булардын жыйынтыгындагы ийри отуруп түз чечүүгө багытталган мазмундагы сөздөрдү жактоого татыктуу. Бүгүнкү күндө "Кумтөр" маселеси боюнча эмоцияга алдырбай, акыл менен, инженерлик илимдин негизинде чечүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Кызуу кандуулукка алдырып, жолго салынып калган өндүрүштү токтотуп коюу экономикалык да, экологиялык да ири коркунучка алып келет. Кумтөр кени өзгөчө шартта пайда болгон жана жайгашкан, ошондуктан мамлекеттик комиссиянын "Кумтөрдүн" эсебинен атайын илим изилдөө мекемесин түзүү бүгүнкү күндөгү жана келечектеги эң актуалдуу маселе. Бул боюнча адистер 2005-жылдан бери эле айтып келебиз. Менин оюмча, өткөндөгү чечимдерди жокко чыгарууга эч кандай шарт жок, тескерисинче аларга реалдуу сунуштарды киргизип, эскирген пункттарын жокко чыгарып, жаңыча иштөө гана ийгилик алып келерине ишенем.
Кийинки күндөрү түшүнбөстүк суроолорду мага радиоберүүлөрдө да беришкен, мен түшүндүргөм. Жакында бир оппозициялык газетада чыкканын окуп да калдым. Өтө ачууланып телефон чалып, өз оюмду билгизип сөз айтым. Мындайдын эки себебин карап жатам: биринчиси, түшүнбөгөндүк, экинчиси, арамза ич күйдүлүктүн аркасында эски бийликтегилердин сот жообунан эптеп кутулуп кетүүнүн аркасында элди адаштырып, жандарын сактап калуунун аракетинде жасап жаткан иштери деп тааныса болот. Элдин кызыкчылыгынан өзүлөрүнүн кызыкчылыктарын жогору коюп, элди адаштыруунун гана аракетинин аркасында жандалбас урулууда.
Мен, биринчиден тоо-инженеримин, бул адистик менен алектенгениме студенттик жылдарды кошсом, 60 жылдан ашыптыр. Экинчиден, биз коммунисттик тарбияны башыбыздан өткөзгөнбүз, элдин, өлкөбүздүн кызыкчылыгын өзүмдүн кызыкчылыгымдан ар дайым жогору коем. Үчүнчүдөн, өндүрүшчү адамды өндүрүшчү жолго коюу өтө татаал, аны жоготуу оңой. Төртүнчүдөн, байлык өндүрүштө пайда болот, өндүрүштү өстүрүү экономикадагы негизги маселе. 
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, "Кумтөр" алтын комбинатынын I жана II этаптарында так жана таамай келтирилген каталыктарды түз айтып, аларды жоюуга болгон аракеттерди көрдүк. Жогоруда келтирилгендей колдон келген экономикалык, саясый чечимдерди чыгарууга жетиштик. Ар дайым бул маселеде коррупциянын бар экендигин айтып келебиз, бирок өндүрүштө иштеп жаткан аткаруучуларды колдогон учурлар болгон. Дагы бир цифраны келтирип коеюн, 2000-жылдын жыйынтыгы боюнча 27 млн. доллар айлыкка каралган бюджеттин кыргызстандыктарга 7,0 эле миллиону төлөнгөн, 2011-жылы бул цифра 64,0 миллиондон ашты. Ар дайым тазалык менен акыйкат баа бериш - адамгерчиликтин негизи болуп эсептелет. "Кумтөрду" курган аракеттердин уюштургуч жактарын мен ар дайым мактоого татыктуу деп эсептейм. Алар курулушту 27 айда бүтүрүп, ишке киргизди. Ага салыштырмалуу "Жерүй" алтын кенин куруп баштаганга 25 жыл, Сары-Жаз калай-вольфрам комбинатын 30 жылдан бери ишке киргизе албай жатабыз. 
Эми, арбитраждык сотко баруу жөнүндө. Ал жерде жөн адамдар отурбайт да, такшалган кесипкөй адамдар иштешет. Маселени карап эле жыйынтыгын чыгарат. Ошондо айтышат да, сопсонун иштеп жаткан компанияны жөнүнө койбогон кандай эл деп. Мынчадан-мынча кирешеси бар экен, налогун төлөп жатыптыр, социалдык маселесин чечип жатса, эмгек акы, инфраструктураны жакшыртууга атайын каржы бөлүнүп жатса, бир убакта экология маселесин кошо карап келсе, жумушчу орундарга бардык шарттары бар экен, дагы эмне керек деп. 
Эгерде бул компанияны таарынтып кетирип алсак, "Кумтөрдүн" иши токтойт. Аны кайра иштетиш үчүн өтө чоң акча каражаты талап кылынат. Мындан тышкары, сырткы инвесторлорду тартып келүү өтө кыйынга турат. Чочуп калган инвесторлордун Кыргызстанга келиши кыйын болот. Ага чейин "Центерра Голд Инк" компаниясы "булар биз менен иштешкиси келбейт" дешип, иштеп жаткан иштерин токтотуп коюшу да мүмкүн, токтотпосо жарым-жартылай көңүл кош иштешет. Анда акча каражат маселеси жагынан чоң жоготууга дуушар болобуз. Мөңгүлөр эрип, алтын казылып жаткан жерлерге көчүп түшүп калса кайрадан казууга туура келет, экология бузулат, суулар эрип сууларга кошулуп, толуп жаткан оңтойсуз абалдар жаралат. Мен мындай маселелер боюнча реалистмин. Оюна келгенин оттоп, оозуна келгенин cүйлөгөн, өзүнүн эмне дегенин түшүнбөгөн деңгээли төмөндөргө теңелип, алар менен кайым айтышууну каалабайм. Эл өзү түшүнүп, тарых баа берет.

 

Булак: "Көк Асаба”. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter