
Кечээ, 18-мартта акыйкатчы Турсунбек Акун УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткандардын абалы, ден соолугун жана адам укуктарынын сакталышын текшерүү максатында «Ата Журт» фракциясынын депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда СИЗОдо кармоо шарттарына жана УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок экендиктерин билдиришкен. Ошондой эле депутат Садыр Жапаров ден соолугунун абалы тууралуу билидирип жатып, омурткасындагы шишигин айыктырууга даярданып жаткандыгын билдирген.
Ал ага коюлуп жаткан Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) боюнча соттолсо, анда ал БУУ, ЕККУ, европа өлкөлөрүнө, Канада, АКШ өлкөлөрүнө чейин арызданаарын маалымдаган.
Акыйкатчы кошумчалагандай, «Кумтөр» боюнча комиссиянын корутундусун угуп жатканда аны парламентке бекер киргизбей коюшканын жана комиссиянын корутундусунун 70%ы анын корутундусунан жазылып алынгандыгын маалымдады.
«Судьялардын жана укук коргоо органдарынын айынан көптөгөн кичинекей уурулук үчүн кармалган адамдар УКМКнын СИЗОсунда, Жаза аткаруу кызматынын СИЗОсунда 1,5-2 жыл мыйзамсыз камакта отурушат. Алардын ишин атайылап создуктуруп атышат», - деп билдирген С.Жапаров.
Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел