19 марта 2013, 15:21

Жалал-Абадда түзөтүү колониясындагылар бийликтегилерге төрт талап коюшту

Жалал-Абадда түзөтүү колониясындагылар бийликтегилерге төрт талап коюшту
Жалал-Абаддагы №10-түзөтүү колониясындагы жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бийликтерге тезинен чечүү үчүн төрт талап коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү Алима Аманова билдирди.

Анын айтымында, ал бүгүн колонияга дайыма жүрүгүзүп келаткан мониторингдин алкагында кирген жана ал жерде жаза өтөп жаткан 200 жаран менен пикир алышкан. Пикир алышуудан кийин А.Амановадагы 11 кишини кабыл алып, алар менен укук маселесинде аңгемелешкен.

«Аңгемелешүү учурунда алар чечилиши тийиш болгон төрт талапты коюшту», - дейт ал. Биринчиден, жаза өтөп жаткандардын айтуусунда Убактылуу өкмөттүн мезгилинен бери соттолгондор үчүн Мунапыс жарыялана элек, ал эми колонияларда жеңил кылмыштар үчүн жаза өтөп жатканадар аз эмес, аларды сыртка чыгаруу мезгили келди. Экинчиден, шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу процесси коррупциялашып кеткен. Мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу документтер мурда дароо каралып, көпчүлүгү канаатандырылчу, азыр болсо соттордо чаң басып жата берет жана акча аркылуу гана чечилет, дешет алар. Үчүнчүдөн, тергөө учурунда негизги далил катары айыпталуучунун күнөөнү моюнга алышы болуп калды, башка далилдер, экспертизанын кереги жок болуп калууда, демек криминалистиканын деңгээлин жогорулатуу керек. Анан төртүнчүдөн, зоналарда жаза өтөп жаткандарды мамлекет эмес, алар өздөрүн багышы керек, аны үчүн аларды жумуш менен камсыз кылуу зарыл.

А.Аманова ошондой эле колониянын аймагында курулуп жаткан алдынала тергөө абагынын имаратынын курулушу менен таанышты. Анын айтымында, 60 орундуу тергөө абагынын имаратында сантехникалык иштер жүрүп жатат.

 

Атайын "Kyrgytoday"  
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter