19 март 2013, 15:58

Т.Мамытов: Мурда 295-берене боюнча кылмыш иши козголгон, бирок эч ким соттолгон эмес

 Кечээ, 18-мартта акыйкатчы Турсунбек Акун УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан «Ата Журт» фракциясынын депутаттары менен жолугушууда Талант Мамытов ден соолугу жакшы экендигин билдирди. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушуу учурунда ал 295-берене СССРдин Кылмыш кодексине 1945-жылы киргизилгендигин, бул берене боюнча кылмыш иштери 1991-жылы мамлекеттик төңкөрүштү жасагандарга каршы (ГКЧП) козголгондугун, бирок эч ким соттолбогондугун билдирген. Ал эми Кыргызстандын тарыхында бул берене боюнча эч ким соттолбогондугун, бирок 2005-2010-жылдардагы революцияларда 295-берене боюнча кылмыш иши козголуп, андан кийин кайра жабылып калгандыгын маалымдаган.

«2012-жылдын 25-сентябрында Т.Мамытовдун иш бөлмөсүндө депутаттар «бийликти басып алуу» тууралуу күнөө боюнча ал маалымат калп. Анткени ал кезде башка депутаттар менен бирге Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында болчумун», - деди Т.Мамытов.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020