20 марта 2013, 08:04

Садыр Жапаров соттолуп кетчү болсо, Европа өлкөлөрүнө арызданат

Акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы "атажуртчу” депутаттардын ал-абалын билип кайтты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалым болгондой, жолугушууда айыпталуучулардын СИЗОдо кармоо шарттарына жана УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок экендиги белгилүү болду. Ал эми депутат Садыр Жапаров, ага айып тагылган "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча соттолуп кетсе, БУУга, ЕККУга, Европа өлкөлөрүнө, Канада, АКШга чейин арыздана тургандыгын айткан. Ал, ЖКда "Кумтөр" маселесин талкуулаган күнү камактан убактылуу бошотулбай, ал жыйынга катышпай калганы туура эмес болгонун айткан.

Эске сала кетсек, 14-март күнү, "атажуртчу" депутаттардын иши боюнча сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттон Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга, Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми жан сакчыларын 3 жылга эркинен ажыратууну суранган. Айыптоочунун айтымында, депутаттар бузган мыйзам Кылмыш кодексинин оор беренесине жатат.

Кошумчалай кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында "Ата Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Кийин алар бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул иш боюнча сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 10-январынан бери болуп келет. Акыркы соттук отурум 29-мартка белгиленди.

БУЛАК:КЫРГЫЗ ТУДЕЙ
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter