20 марта 2013, 08:12

Генералдын тактикасы өзгөрүлдү

Өткөн жумада Шалтаковичтин курултай деген ойдологон "долбоору” "капут” болгондон кийин обдулуп жаткан генерал Ниязовдун көңүлү айнып кетти. Анткени эки күндөн кийин парламенттин баш терисин сыйрып түшөм деген ниетинен артка кайтты. Анын деле себеби жөнөкөй. Беш миңден кем адам жыйнайм деп көкүрөк каккан Чолпонбаевдин кейпин кийип калбайын деп чочулады окшойт Мирослав мырза. Андан көрө тынч эле турганым оң деген чечимге келген мырза катуу ойлонгон кези.

Анан өткөндө НТСтин имиштер деген теле көрсөтүүсүндө салабаттуу кишиче актанып койду. Мен эч кандай бийликти кулатууга ниетим жок деп. Анын үстүнө орус тилинде берилген суроо да интригалык багытка которулуп бурмаланып берилди. Болбосо дасторконго койгон ашынын тузу кем болуп калары аштан бышык да? Дегинкисинде Ниязов деген саясатчы крит болгон эле карта болуп калды десек коомчулук туура кабыл алат болушу керек? Анын кыйратып жиберген ишин деле көргөн эмеспиз. Баягы лампасы бар шым кийген эле генералдардын бири да? Ага карабай эле аны "незаменимый” генерал кылгысы келгендерге жол болсун! Мыктыларды эл өзү эле тандап аларын Мирослав байкеси билип койсо дурус болмок.

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter