20 марта 2013, 08:22

“Ата-Журттун” депутаттары сынган жок!

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында жаткан «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовго соттук териштирүү аягына чыгып, эми өкүм чыгарылары күтүлө баштагандан бери барган "жуучулар” көбөйдү. Айрыкча, бийлик тараптан чабармандар тез-тез каттап, козголгон кылмыш иши боюнча бийликтин дооматтары суу кечпей калганын илгертпей билишип, сүйлөшүү жолу менен абалды өз ыңгайына оодарып кетүүгө аракет жасашууда.

Абактагы депутаттардын бекем турганына Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун да ынанып кайтыптыр. Депутат Талант Мамытов жолугушуу учурунда 295-берене СССРдин Кылмыш кодексине 1985-жылы киргизилгендигин, бул берене боюнча кылмыш иштери 1991-жылы мамлекеттик төңкөрүштү жасагандарга каршы (ГКЧП) козголгондугун, бирок эч ким соттолбогондугун билдирген. Андан тышкары, Кыргызстандын тарыхында бул берене боюнча эч ким соттолбогондугун, бирок 2005-2010-жылдардагы революцияларда 295-берене боюнча кылмыш иши козголуп, андан кийин кайра жабылып калгандыгын маалымдаган. «2012-жылдын 25-сентябрында С.Жапаровдун иш бөлмөсүндө «бийликти басып алуу» тууралуу сүйлөшкөнүбүз калп. Анткени ал кезде башка депутаттар менен бирге Тажикстандын Дүйшөнбү шаарында болчумун», - деп кошумчалаган Т.Мамытов.

Акыйкатчы менен аңгемелешип жатып, К.Ташиев 2012-жылдын 3-октябрында бийликти басып алуу тууралуу сөз болгонгондугун, кеп «Кумтөр» тууралуу гана болгондугун билдирген. Ташиев андан тышкары Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) боюнча 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратыларын, ошого байланыштуу, эмне үчүн мамлекеттик айыптоочулар аны 10 жылга кесүү тууралуу суранып жаткандыгы түшүнүксүз экендигин билдирген. «Кылмыш ишин карап жаткан төрагалык кылган судья А.Субанкуловго дооматым жок. Анткени, ал ишти ачык-айкын жана мыйзамдуу алып барып жатат. 29-мартта судья объективдүү чечим чыгарып, Кылмыш кодексинин 295-беренеси боюнча актаса, анда ал Кыргызстандагы эң объективдүү судья болот”,- деп билдирген Камчыбек Ташиев.

Депутат Садыр Жапаров ага коюлуп жаткан Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) боюнча соттолсо, анда ал БУУ, ЕККУ, Канада, АКШ, Европа өлкөлөрүнө чейин арызданаарын маалымдаган. «Судьялардын жана укук коргоо органдарынын айынан көптөгөн кичинекей уурулук үчүн кармалган адамдар УКМКнын СИЗОсунда, Жаза аткаруу кызматынын СИЗОсунда 1,5-2 жыл мыйзамсыз камакта отурушат. Алардын ишин атайылап создуктуруп атышат», - деп билдирген С.Жапаров.

Буга чейин депутат К.Ташиев ага бийликтин бардык деңгээлдеги жетекчилери соодалашуу үчүн келип жатканын билдирген болчу. Бирок, эл өкүлү алардын аттарын атаган эмес. "Соодалашуу жолу менен барсам, эбак чыгып кетмемин”,- деген болчу Ташиев. Бийликти ойлондурган маселе – элге шерменде болуп жатканы. Муну абактагы депутаттар деле түшүнүп турса керек.

Булак: "Майдан.kg”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter