20 марта 2013, 08:25

Кадырбеков да үн катты

Бакиевдин бийлиги "гүлдөп” турганда коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков да кыйла куугунтукка кептелген. Кептелмек турсун темир тор артына киргизилип, ал жердин боткосун да жеп чыккан. Ошондо жан ширин экен "тигилердин” оозунан чыкканын аткарып үй-бүлөлүк капчыгы эңшериле түшкөн. Дагы жакшы бийлик алмашуу болуп Ишекем азаттыкка эгедер болду. Бул эми өткөн чак. Бирок, ал  тарыхтын бүктөмдөрүндө калганын танууга мүмкүн эмес.

Анан эркиндикке чыккан соң эптеп БШКнын куйругуна илинди. Анткени Туйгунаалы Абдраимов турганда ага ири устукан тиймек кайда? Андан бери үч жылга чукул убакыт өттү. Элибизге парламенттик башкарууну тартуулашты бийлик башындагылар. Аттиң, бирок анын жемишинин даамын тата элекпиз. Жалаң ачуусуна кабылдык. Ошондон улам парламентти таратыш керек деген сөздөр үстүгө чыгып жатат. Эмнеге үн катпайт Кадырбеков, жок дегенде оң пикир айтып койбойбу дегендердин өтүнүчүн ал жакында орундатты. Көрсө Ишенбай мырза парламенттин кетишине макул эмес экен. Алар мөөнөтүнүн акырына чейин турушу керек деп оюн айтты. Бул бекерден эмес. Чамасы "шефинин” ордуна келгиси бар окшойт. Себеби Тукеме эмнеге кымбат баадагы машине минет деген балекет илинбедиби...

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter