20 марта 2013, 08:29

КР Cалык кодексине толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 14-февралында кабыл алган. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал Салык кодексинин КР аймагына импорттолуучу технологиялык жабдууларды жана ферроэритүүчү мешинин элементтерин жеткирүүнү КНС төлөөдөн бошотууну караган 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна (импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу) толуктоо киргизет.

Мыйзам Таш-Көмүр шаарында ферросиликоалюминий өндүрүү боюнча Кыргыз ферроэритүүчү заводун куруу долбоору боюнча инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул иш өкмөттүн 2007-жылдын 23-августундагы №360 "Кыргыз Республикасында ферроэритүүчү заводун куруу жөнүндө" токтомуна ылайык жүзөгө ашырылууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter