20 марта 2013, 08:32

Барак эксклавына карым-катнаш кыйындады

Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундары чекарадагы талаптар татаалдашып, карым-катнаш кылууга мүмкүн болбой калганын айтышууда. Январь башында Баткендин Чарбак айылында болгон окуядан кийин кыргыз-өзбек чекара бекеттери жабылып, Барак карым-катнашсыз калган. Учурда кыргыз-өзбек чекара өтмөктөрүнүн бир катары ачылды. Бирок Өзбекстан Барак экскалавын район, облус менен байланыштырып турган чекара өтмөгүн жаап, Кызыл-Кыя аркылуу өтүүгө уруксат берген.

Мурдагы сегиз чакырым жол 600 чакырымга айланып, чекарадагы катаал талаптардан улам катнаш кылалбай калдык дейт барактыктар.

"Неберем ооруп калып 21-февралда ооруканага келген элек. Небереми, өзүм да даарыланып кайра кайтып кете албай калдык- дейт барактык тургун Ракия Төрөкулова көзүнө жаш ала.-Жаш бала менен кыйын экен ар күнү ар тууганыбыздын үйүндө темселеп жүрөбүз. Баракта мектепте окуган эки кичине кыздарым калган. Алар да кароосуз жүрүшөт”.

Барактын айыл башчысы Бурканбек Аширов:

-Мына, 8-мартка чейин биздин чекара кызматынын жетекчилерине кайрылып кириш-чыгыш кылып турганбыз. Бизден ооруканага, же бир зарыл жумуштар менен чыга тургандар болсо тизме кылып кабарлап, чекара жетекчилери өзбек кесиптештери менен сүйлөшүп бизди өткөрүп койуп жаткан. 8-марттан кийин өзбек тарап Кызыл-Кыя аркылуу Баракка карым-катнаш кылгыла деп койду. Барактан Ак-Таш айыл өкмөтүнө чейин сегиз чакырым жол болсо, азыр эми Кызыл-Кыя менен жүрсөк 600 чакырым болуп жатат. Барыш-келиши ушунча болсо ага ким чыдайт. Кыргыз бийликтери биздин көйгөйдү абдан жакшы билет. Буга чейин маселени чечип берүү убадаларын берип, бирок жыйынтык жок.

Барак тургундары теңата сүйлөшө албайт деп кыргыз өкмөтүн күнөөлөп жатышат.

"Кайрылбаган адамыбыз калбады. Барак айылынан өкүлдөр барып президентке чейин, өкмөт башчы, чекара кызматынын жетекчилерине жолугуп, көйгөйдүн баарын айтып келишкен-деди Бурканбек Аширов.-Андан кийин 19-февралда айылга чекара жетекчиси, төрт ЖКнын депутаты келип көрүп кетишти. Атайын комиссия иштейт маселени чечебиз дешкен, андан бери бир ай өттү”.

"Негизинен дыйканчылык менен тиричилик өткөргөн Баракта жерлердин баары айдалбай, пахта эгилбей калды. Өзүбүз өтө албаган соң күйүүчү май, керектүү нерселерди кайдан алып өтмөк элек" деди Аким Калбаев аттуу тургун.

Барак Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы жалгыз эксклавы. Барак Оштун Кара-Суу районуна карайт. Чек ара тилкесинен 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Чек ардагы катаал талаптар карым-катнаш кылуунун оорчулугу сыяктуу көйгөйлөрүн анклав тургундары эгемендик жылдардан бери карай эле такай даттанып келишүүдө.

Бирок азырынча чечилбеген бойдон калып келатат.Барактыктар буга чейин да тышкы дүйнөдөн бөлүнүп калган учурлары көп болгонун айтып, бийлик өкүлдөрүнө бул жерден аларды көчүрүп кетүү талабын коюшкан.

Январь айынын башында Баткендин Чарбак айылында болгон чекара чатагынан кийин Барак эксклавынын тургундары бир нече апта карым-катышсыз калган. Февраль ортосунда "Достук” өткөрмө бекети аркылуу өткөрүп турууга макулдашылганы айтылган эле.

Учурда Өзбекстандын Кыргызстан аймагындагы Сох анклавына карым-катнаш мурдагыдай Сох-Риштан жолу аркылуу эмес, Кадамжай шаарчасы аркылуу айланып өтүп, Өзбекстандын Вадил аймагынан гана Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген.

Өзбекстандын барактыктарды дагы Кызыл-Кыя аркылуу айланып өтүүгө уруксат бериши буга жооп болду деп айтылууда. Барактыктар ал жолдун узактыгын жана татаалдыгын айтып, бийликтен бул маселени чечип берүүнү өтүнүшүүдө. 

Булак: "ВВС"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter