20 марта 2013, 09:03

24-мартта 10 миңден ашуун адам чогулат

Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын ыңкылап күнүндө, 24-мартта жалпы элдик курултай өткөнү турат. Аны "Эл үнү” кыймылы уюштуруп жатканы менен, көпчүлүк саясий партиялар, коомдук уюмдар жана абактагы депутаттарды колдоо комитети колдоого алууда. Уюштуруучулардын айтымында, баш-аягы 30дай боз үй тигилип, Кыргызстандын булуң-бурчтарынан 10 миңден ашуун адамдын келиши күтүлүүдө.

Курултайда кыргыз эли эки ыңкылапты баштан кечирсе да, эмнеге эч өзгөрүү болбой жаткандыгы талкууга алынат. Бул багытта Азимбек Бекназаров талкуулайт. Андан кийин Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Жылдыз Жолдошева сөз сүйлөмөкчү. Курултайга Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, Жээнбеков жетектеген парламент депутаттары да чакырылган. Бирок, алардын келээр-келбеси белгисиз.

Курултайда эл бийликти адилет жолго түшүүгө чакырат. "Кумтөрдү” элге кайтарып алуу, абактагы депутаттарды бошотуу талабы коюлат. Бийлик элди угабы же адатынча укмаксан болуп коебу, аны да көрө жатарбыз. Азырынча курултай өтсүнчү...

Булак: "Майдан.kg” 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter