20 марта 2013, 09:22

Ибраимова ийибей кыйнады дейби?

Эмнеге деген күндө да өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев жок дегенде эсептөө палатасына туура кадр коюптур дегенге ичи күйгөндөр туз жалай берсин. Анткени эмдигиче АРИСтин ишине ичи чыккандар Элмира айымга ырахматын айтып келатышат. Көп алыскы аймактагыларга суу чыгарып, мектеп, ФАП салып берген адамга анан ырахматын аямак беле? Акыйкатына келгенде Ибраимова өзүнүн уюштуруучу жетекчи экендигин айгинеледи.

 

Ошол сапаттарын баалап ажо аны эң коррупциялуу тармакка алып келгени туптуура болуптур. Себеби, күйпөлөктөгөн чоңдор жуткан байлыгын аш кыла албай итапкан кыйналып жүрүшкөнү тууралуу кептер угулуп жатат. Көрсө алар баштагыдай пара берип ишин бүтүрө алышпай жатыптыр. Экинчиден, айрым таза эмес иштегендер иргелип, тармак кыйла кирден арылды. Муну ошол эле эсептөө палатасынын кызматкерлеринен эшитсе болот.

Элмира айымдын өзгөчөлүгү – түздүгүндө, пара албагандыгында окшойт. Жең ичинен ишти бүтүргөндү өлө жек көрөт тура. Бир жагынан аялзатка анчалык байлыктын деле зарылдыгы жоктой. Анан анча-мынча эркектерден өйдөрөөк адамдык сапаттары калыптанганын жооптуу кызматка келгенден кийин дагы бекемдеп койду. Айтор сөзгө ийибеген Ибраимованын тилин таппай көбү бушайман.

Булак: "Мекен Инфо"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter