20 марта 2013, 09:50

Жолдошева: бийлик шайлоочулар менен жолугушуума бут тосту

Жогорку Кеңештин "Ата Журт” фракциясынан депутаты Жылдыз Жолдошева Оштун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунда шайлоочулар менен жолугушуусуна жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылганын "Азаттыкка” билдирди. Жолдошеванын ырасташынча,  аталган райондордун акимдери жолугушуу өткөрүү үчүн имарат бербей, шайлоочуларды таратканга аракет кылган. Жолдошева муну оппозициячыл депутатка карата атайлап бут тосуу катары баалоодо.

Кара-Кулжанын акими Каныбек Алиязов жана Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров эл өкүлүнүн айткандарын четке кагып, эч кандай бут босуу болбогонун билдиришти. Акимдердин "Азаттыкка” айтымында, Жолдошева жолугушуу өткөрүүнү сураган имараттар камсыз кылынып, тескерисинче аны өткөрүүгө райондук бийлик көмөктөшкөн.

18-марттан бери Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү маселелер менен таанышып жүрүшөт. 

булак:азаттык уналгысы
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter