20 март 2013, 09:57

Мэриянын имаратында Данияр Үсөнов менен Нариман Түлеевдин портреттери неге жок?

Бишкек мэриясынын имаратынын үчүнчү кабатында 1917-жылдан берки шаар башчыларынын сүрөттөрү илинип турат. Бирок алардын арасында Данияр Үсөнов менен Нариман Түлеевдики гана жок.

Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Чынара Усупбаеванын айтымында жогорудагы эки экс-мэрдин сүрөттөрүн 2010-жылдын апрелинде революционерлер алып салышкан.

"Сүрөттөрдү алып салууда мэриянын эч кандай саясий кызыкчылыгы жок. Коомчулук качан гана ал эки инсан дагы убагында шаарды башкарып, мэриянын тарыхынын бир бөлүгү экенин түшүнгөндө портреттерин кайра илебиз”, - дейт Ч.Усупбекова.

Эске сала кетсек, Данияр Үсөнов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин өлкөдөн качып кеткен жана ага издөө жарыяланган. Ал эми Нариман Түлеевге мэрияда иштеп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн деген айып тагылып, учурда УКМКнын тергөө абагында жатат

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020