20 марта 2013, 10:10

Чүй облусунда 20 жаштагы келин мас болуп урушуунун себебинен күйөөсүн бычак менен сайып алган

 
Улукбек уулу Ырысбек.
Чүй облусункн Москва районунда оор кылмыштын бети изи сууй электе ачылды.
Чүй облустук БИИБ басма сөз кызматынан маалымдагандай, 17-мартта болжол менен саат 17де Москва районунун ИИБне адам өлтүрүү тууралуу билдирүү түшкөн. Ак-Суу айылына барган тергөөчүлөр үйлөрдүн биринен эки ирет бычак айылган 34 жаштагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Бул факт боюнча Мовква РИИБтергөө бөлүмү КРКК 97-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Оор кылмышка барган делип өлтүрүлгөн адамдын 20 жаштагы аялы шектелүүдө. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Аны текшерүүгө алганда кийимдеринин арасынан кандын издери табылган.
Учурда тергөө жүрүп жатат. Алдына ала маалыматтар боюнча, 17-мартта спирт ичимдиктерин ичкен со жубайлар ортосунда уруш-талаш чыккан, анын жүрүшүндө аялы күйөөсүн эки жолу бычак менен сайган.

булак:КырТаг
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter