20 марта 2013, 10:33

2010-жылдан бери дайынсыз кеткен өспүрүм табылды

Бул тууралуу Свердлов РИИБнин кызматкери Медербек Куттубаев билдирди.

Ал эми жоголуп кеткен баланын атасы Михаил Афанасьевдин айтымында, уулу Илья 2010-жылдын 28-апрелинде жоголуп, ошондон бери дайын-дареги билинбей келаткан.

"Биз дароо эле милицияга арыз менен кайрылган болчубуз. Бирок, ал учурда апрель окуясына байланыштуу иштер көп болуп арызыбыз жоголуп кетсе керек. Ошол эле жылы Орусиянын "Жди меня” телеберүүсүнө да кайрылдык. Андан соң быйыл, февралда милицияга кайра кайрылдык. Илья эми минтип табылып отурат. Ал мурда үйдөн эч качан качып кетчү эмес, болгону ээн-эркин жашагысы келген окшойт”, - деди ал.

Ал эми Медербек Куттубаевдин айтымында, Илья 2010-жылы 28-апрелде Дордой базары жактан өзү курактуу балдар менен таанышкан да, ошол боюнча дайынсыз кеткен. Кийин маалым болгондой, ал Талас облусунда бир чабанга жардам берип жүргөн. 3 жыл ичинде ал көп жумуш которгон. Кийимине жана тамак-ашына жетээрлик гана акчага иштеп жүргөн. Бишкекке кайтып келгенге каражаты жок жүргөн.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter