20 марта 2013, 11:34

Санжар Бакиев эркиндикке чыкпай калды

Санжар Бакиев бүгүн жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкмак. Бирок, бүгүн абактан бошотулган жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан "Азаттыкка” билдиришкен.

Анда маалым болгондой, аталган кызматтын өкүлү, Бакиевдин абакта калган себебин Башкы прокуратурага кайрылып сурап-билүүнү сунуштаган, ал эми прокуратуранын маалымат кызматы бул ишке алардын тиешеси жоктугун айткан.

Эске сала кетсек, Санжар Бакиев 2010-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен күчөтүлгөн режимде 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылдын 1-февралында Чүй облсоту Жалал-Абад облсоту чыгарган өкүмдү 50 миң сом айып пул төлөө менен чечимине өзгөрткөн. 

Бирок, Жогорку соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облсоту чыгарган чечимдер дагы өзгөрүп, 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миң сом айып пул салынган.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесине ылайык, тергөө учурунда отурган 7 ай алты күндүн ар күнү эки күнгө барабар деп эсептелип алынган. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган.

Мындан сырткары, Кылмыш-жаза кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, "Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата ”, Санжар Бакиевдин абактагы мөөнөтүнүн 1 жыл 7 ай 29 күнү кыскарган. 

Буга чейин Санжар Бакиев 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык башаламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталып келген. Ал эми Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу учурунда каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча акталган.

Санжар Бакиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter