20 марта 2013, 11:37

Көз караш деген бир орунда турбайт

Өзгөчө саясый чөйрөдөгүлөрдүн көз карашы күн алыс болбосо да көп айдан кийин өзгөрүп кетүүсү турган иш. Анткени ошол эле тынбай суу куйган инсаны менен бет маңдай отуруп баарлашса ага болгон ичиндеги ой жүгүртүүсү оңдолот. Тескерисинче колтукташып, бир табактан аш жеп жүргөндөр деле бет карашпай калып жатпайбы? Ал тургай "ажырашып” кеткен соң "сен саясый өлүксүң” дегенге чейин баргандар канча? Анын сыңарындай турмушта саясат менен алпурушкан адамдардын кубулуп турарын айтсак жаңылык деле болбостур?

Ооба, убагында Равшан мырза Америкага чейин жер которуп келгени калп эмес. Анан 2010-жылы 7-апрелден кийин өлкөгө келип ойлогон кыялдарын ишке ашырып, азыр "теле жылдыздардын” бири болуп калды. Ал каалаган ракурста туруп, каалагандай маек куруп бералат. Бул гана эмес убагында олигарх Өмүрбек Бабановду "эрөөлгө” чакырганда ал келбей койгон. Ок менен атышканга эмес, курч кеп менен "чабышканга” батынган. Демек, ал кимге да болсо оңой жоо эмес. Керек болсо дагы бир Өмүрбек Текебаевге да "тиш” көрсөтө алат. Азыркы күндөрдө ал Президентке ыктап сүйлөп калды. Зарылчылык болсо коргойм дегенге чейин барды. Мунун түпкүрү каякта? Балким Жээнбековдордун улуусу кызматка барганында болбосун....

Булак: "Мекен Инфо"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter