20 марта 2013, 12:46

Адамдар неге, эки жүздүүбүз?

Өткөн гезиттин 13-бетиндеги жан дүйнөнү эзген материалдарды окуп чыккандан кийин ушуга бир ой улагым келди. Чын эле ошондой көрүнүшкө мен күбөмүн. Менин таежем 2008-жылы Бакиев Кабыл дегенге өкүл эне болгонун билем. Ошондо мен да кошо боорсок бышырып, алып бара турган 
дасторконун камдаганга көмөк көрсөткөм. Келишкен костюм, шым, кымбат баадагы көйнөктөрдү алып барышкан. Ал тургай келгенден кийин кешик жегиле деп чакырган.

Ошол Адылдын күчү менен баласын салык инспекциясына ишке орноштурган. Азыр деле ошол баласы күжүлдөп иштеп жүрөт. Дегинкиси пайдасын куп көрүшкөн. Анан эле Бакиевдер качып кеткенден кийин ошол Жаңылай дегенге каттабай калышты. Жездем өзү абдан өзүмчүл, коркок киши. Азыр кулагын жапырып эч нерсени уккусу келбейт. Уялбай туруп "Ата Мекенге” чуркап эми тигилерди көрүнгөн жерде жамандап жүрөт.

Мен эгер билбесем муну жазбайт элем. Ошол окуяны окуган соң билдирип коюуну туура көрдүм. Эмне үчүн адамдар эки жүздүүбүз? Колунан келгенде айланчыктап чуркап, жаман ишке кабылса тескери бурулуп кетебиз? Эми дегеле билмексендикке салып, сонун киши болуп көрүнгүсү келген жездемди көргөндө жек көрүп кетем. Жакында бир министрдин кызына өкүл ата, өкүл эне болуп сүйүнүп жүрүшөт. Ал министр иштен түшсө кандай болорун мен билип эле турам. Бирок, бул жолкусунда дасторкон даярдаганга мени чакырышкан жок. Анткени бир жолу алардын бетин ачып койгом. Негедир ошондон кийин бизден алыстап калышты. Көрсө булар кошоматты гана үйрөнгөн азаматтар экен.

Буга окшогон көрүнүштөр абдан көп. Кезинде буту күйгөн тооктой болуп чуркагандар эми майлуу кызматта отурушат. Мына так ошолор коомду бузуп жатат пара берип, кайра пара алып, туурабы? Айтор, тагдырга байланышкан макалаларды жазсаңар гезитиңер окумдуу болот. Себеби, ар кандай жашоого малынган адамдар бар эмеспи?

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter