20 марта 2013, 13:00

Жалал-Абадда 1000ге чукул адам Жолдошованы күтүп жатат

Учурда Жалал-Абад обладминистрациясынын алдында чогулган адамдардын саны 1000ге жетти. Бул тууралуу КyrgyzТodayге Шайыр Ташиев билдирди. 

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун аксакалдары жана Баатыр энелери менен жолугушууга "Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошованын келиши күтүлүүдө.

"Элдин көйгөйүн угуп, жолугушууга келе жаткан депутатты учурда шайлоочулары күтүп жатат. Керектүү жабдыктардын баарын орноштуруп бердик”, - дейт Шайыр Ташиев. 

Эске сала кетсек, буга чейин Жылдызкан Жолдошова Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорундагы шайлоочулар менен болгон жолугушуусу учурунда бийлик тараптан бут тосуулар болгонун бүгүн  билдирген эле.   

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушууга келген элди таратууга аракет жасап, чогулгандарды райондук администрациянын имаратына киргизбей коюшкан.

   булак: КyrgyzТoday.kg 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter