20 марта 2013, 13:16

Кыргызстанда 10 айыл аймактын башчылары шайланды

Кыргызстанда 10 айыл аймактын башчылары шайланды. Бул тууралуу БШКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Болот Максутбаев билдирди.

Анын атымында, кечээ, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Өрүктү, Оргочор, Светлая Поляна айылдарында, Талас облусундагы Бакай-Ата, Көк-Ой айылдарында, Нарын облусундагы Ак-Кудук, Конорчок айылдарында, Чүй облусундагы Лебединовка, Сокулукта, Ош облусунун Кызык-Суу айыл аймагында шайлоо болуп өткөн.

Анын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында айыл башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан болбой калган.

Эскерте кетсек, Бостери айылдык кеңештин депутаттарына агрессиялык маанайдагы айыл тургундары кысым көрсөтүшүп, коркуткандыктарынан улам 16-февралга белгиленген шайлоо үзгүлтүккө учураган.

Булак : 24.kg маалымат агенттиги
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter