20 март 2013, 13:37

Нооруз ислам майрамы эмес, - муфтий Р.Эгембердиев

 
Нооруз — бул ислам майрамы эмес, ал Кудайга табынуучулук болуп эсептелет, деп билдирди Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембериев бүгүн, 20-мартта.

Бирок, ал маалымдагандай, республиканын динаятчылары бул майрамга каршы чыгышпайт. «Биз кедей-кембагалдарга бул күнү жардам берүү тууралуу жакшы ниеттерди колдоого алабыз. Ошондой эле сүмөлөк даярдоону жактырабыз. Анткени, анын негизин жаңы өнүп чыккан буудай түзөт, бул жердин ойгонуусун билдирет», - деди муфтий.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 21-март Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күн деп жарыяланды.

Булак : «Вечерний Бишкек»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020