20 марта 2013, 13:51

Асылбек Жээнбеков: “Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы”

Төрага Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо: "Урматтуу мекендештер! Сиздерди Нооруз – Жаңы күн – Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Нооруз – жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы. Өлкөнүн турмушунда көптөгөн саамалыктар жаралып, Кыргызстан коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлгөнү турат. Биз бүгүн жаңы заман башатында турабыз, өзүбүздүн бакубат келечегибизди түптөп жатабыз. Эски жыл менен жаңы жыл тогошуп, күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамында баарыңыздарга чың денсоолук, бардар турмуш, бакубат жашоо, ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм. Келечегибиз кең, баарыбызга тең болсун”,- деп жазылган. Ошондой эле куттуктоо сөзүндө төрага кыргыз эли баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, Кыргызстан телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула турганына терең ишенерин билдирген.  

булак:super kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter