20 март 2013, 13:54

Ташиевдерди сот бошотпосо эл өзү бошотуп алууга белсенүүдө

29-мартта Биштектин Бинринчи май райондук сотунда "Ата Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдун иши боюнча сот өкүмүн угузат. Бирок, азырынча депутаттардын жоопко тартылары же боштондукка чыгары белгисиз.

"Атажурчу” Жылдызкан Жолдошеванын пикиринде сот саясий буйрукту аткарып, акыйкат чечим чыгарбай коюшу дагы толук мүмкүн. "Мен Ош облусундагы шайлоочулар менен жолугуштум. Алардын эң биринчи талабы – "Ата Журтттун” камактагы депутатттарын бошотуу. Эл абдан кыжырданып турат. Эгер 29-мартта сот адилетсиз өкүм чыгарса эл өзү келип Ташиевдерди бошотуп алууга камынып жатыптыр. Бийлик эси барда этегин жыйып, мыйзамсыз камакта жаткан кесиптештеримди чыгарат деген үмүттөмүн”, - деди Жолдошева.

Ошондой эле ал өлкөдө азыр авторитардык режим күч алып бара жатканын кошумчалады. "Азыркы бийлик мурдагы эки бийликтен дагы өтүп, диктатураны орното баштады. Биз муну ачык эле айтышыбыз керек. Элдер дагы эки революциянын үзүрүн көрбөй жатабыз деп нааразы болушууда. Кыргыз эли жокчулукту, кыйынчылыкты көтөрөт, бирок бийликтин мыйзамсыз аракеттерин көтөрө албайт”, - деди эл өкүлү. 

  булак:"Кыргызстан бүгүн"  
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020