20 марта 2013, 14:21

Апрель окуясы боюнча сот Ак үйдүн чатырында өттү

Апрель окуясы боюнча сот Ак үйдүн чатырында өттү 2010-жылдын 7-апрели боюнча көчмө сот отуруму бүгүн Ак үйдүн чатырында өтүп, ага айыпталуучулар, жактоочулар жана соттук курам болуп жалпысы 32 адам катышты. Соттун жүрүшүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-бөлүмү көзөмөлдөп турду.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Учурда Бакиевдер баш болгон айыпталуучулардын бир нечеси издөөдө. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо. 

булак:азаттык уналгысы
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter