20 марта 2013, 14:46

Эки Төңкөрүштүн жыйынтыгы Жалал-Абаддагы курултайда талкууланат

Жалал-Абадда 24-мартта өлкөнүн булуң бурчунан барган делегаттардын ктышуусу менен курултай өтөт Бул тууралуу уюштуруучулар шаршемби күнү билдирди.
Маалымдалгандай, курултайда өлкөдө болуп өткөн эки революциянын жыйынтыгын жана Кыргызстандагы алтын кендердин тагдырын талкуулашат.
«Биз «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча келишимин денонсациясы үчүнбүз. «Эл үнү» саясий кыймылы 10 миңден ашуун кол топтоп жана Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Ошондой эле биз «Кумтөр» боюнча тергөөлөр аягына чыкмайын башка кендер иштетилбөөсүн талап кылабыз», - деп билдирди «Ак калпак» партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев.
Саясий ишмер Азимбек Бекназаров маалымдагандай, ал курултайга конок катары чакырылган. «Менин билишимче курултайга 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциялардын катышуучулары келишет», - деп билдирди ал.
ИИМдин түштүк облустар боюнча басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев мааылдагандай, алдыда боло турган курултайдын уюштуруучылары укук коргоо органдарына иш чара өткөрүү тууралуу кабарлашкан эмес.
«Буга крабастан милиция кызматкерлери коомдук тартипке көзөмөл кылышат. 160тай милиция кызматкерлери жана 150 ыктыярчылар тартип сактап күзөткө турушат», - деп билдирди ал.
 

булак:КирТаг
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter