20 марта 2013, 14:53

Мародерго жаназа окулабы?

Уккан кулакта жазык жок. Ушул жазда ызы-чуу болсо тоной турган магазиндердин, байманалуулардын үйлөрүнүн дарегин тактап жүрүшөт экен деп айтышты. Эки ирет көрдүк бул картинаны. Үчүнчүсү болсо жер жарылып, күнөөлөрдүн кесепетинен бүтүндөй Бишкекти жутуп кетеби дейсиң...

Кандай болгон күндө да мойнумдагы милдеттен кутулуу үчүн мына ушул каракчылыктын Исламдагы өкүмү туурасында айтайын:

Шариатыбызда, курал-жарак же ушуга окшогон таяк жана башка менен куралданып, адамдардын мүлкүн зордоп тартып алуу, адамдарды коркутуу, өлтүрүү "Харааба" деп аталат.

"Харааба" же жаңы кыргызча айтканда "мародерлук" жалгыз адам тарабынан, кээде уюшкан жамаат тарабынан болуусу мүмкүн. Кээде адам өз колу менен аткарса, кээде жөн гана уюштургуч, жол көрсөткүч, акыл кошкуч болуусу ыктымал. Кээде аларга унаасы, кадыр-баркы, мансабы менен жардам берүүсү мүмкүн. Алар качса кутулуусуна жардам берип, жашынуусуна көмөк көрсөткөндөр да болот. Кандай болгон күндө да булардын бардыгы касиеттүү шариатыбызда бирдей "мародер" деген өкүмдү алышат. Кудай алдында баарынын күнөөсү бирдей, ошондой эле Ислам сотунун алдында да бирдей деңгээлде жазаланат.

Уурулуктун мародерлуктан айырмасы өтө чоң. Уурулар бир аз уят-сыйыттуу жана адептүү болушат. Кожоюну көрүп койбосун деп бекинип, караңгыда уурдаганга аракет кылышат. Ал эми мародер дегендер коркпостон, кайра коркутат. Жашырынбастан эле ала турганын алып, жула турганын жулуп кетишет.

Мал-дүнүйөсү тонолуп жаткан адам эмне кылуусу керек?

Ар бир пенде өзүн жана малын коргоп калууга укуктуу. Төмөндөгү кадамдарга кезеги менен баруусу кажет:

1Мародерге кылмыштан кайт, күнөө болот деп айтуу.

2Ага кулак салбаса, колунан келген коргонуунун аракетине өтөт. Сөз менен түшүндүргөндү укса, же сөз менен коркутканды сезип, артка кайта турган болсо, мароддерду урууга жана токмоктоого жол берилбейт.

3Аны укпаса, кулак салбаса, уруп токтотконго аракеттенет. Уруу менен токтоп калса, аны атып же сайып өлтүрүүгө болбойт.

4Урганыңа карабай сага жана мүлкүңө зыян жеткире тургандан кайра  тартпай турган болсо, кайра өзүңдү өлтүрө тургандай таризденсе, өлтүрө тургандай сокку берүүгө укуктуусуң. Аны өлтүрмөйүнчө кутула албай турган болуп калсаң, ошол убакта гана ага уруксат берилет.

Мародерге кандай жаза берилет?

Маредордун кылык жоругун үч түргө бөлүп караганыбыз туура болот.

1Адамдардын үшүн алып коркутуу менен гана чектелүү. Бул учурда Абу Ханифа, Малик, Ахмадтын пикиринде түрмөгө, тооба кылып, жүрүш-турушу оңдолгонго чейин камалуусу кажет.

2Мал-дүнүйөгө зыян келтирет, жана өзүнө алат. Бул учурда Абу Ханифанын пикиринде, Ахмад менен Шаафеийдин бир риваятында, колу-буттары соо болгон болсо, оң колу менен сол буту кесилет. Эгерде мурда да кайсы бир себептерден улам оң колу менен сол буту кесилип калган болсо, Абу Ханифанын пикиринде, Ахмадтан бир риваятта калган колу менен буту кесилбейт. Ал эми Шафеийдин пикиринде, Ахмадтын экинчи риваятында, соо калган сол колу менен оң буту кесилсин деп айтылат. Ал эми Мааликтин пикиринде, сот кандай жазаны (таазиир) чечсе, ошол жаза аткарылуусу кажет.

3Мал-дүнүйөгө зыян жеткирүү, же өзүнө алуу менен бирге, мал ээсинин же кароолчунун өмүрүн кыят. Бул учурда Шафеийдин, Ахмадтын, Абу Юсуфтун, Мухаммадтын пикиринде өлүм жазасына буйрулуп, өлүгү асылып коюлат. Эч жери кесилбейт. Ал эми АзиретиАбу Ханифанын пикири боюнча төмөнкү жазалардын бирин аткарууга Ислам соту укуктуу:

Кааласа, оң колу менен сол бутун кесип, андан соң өлүм жазасына буйруйт,  же асууга буйрук берет.

Кааласа, колу бутун кеспейт, жөн гана өлүм жазасына буйруйт, жана дарга аспайт. Же асып туруп андан кийин өлтүрүүгө буйрук берет.

Асуу кандай тартипте жүргүзүлөт?

Шаафеий менен Ахмадтын пикиринде адегенде өлтүрүп, андан кийин асылуусу милдеттүү делсе, Азирет Абу Ханифа менен Мааликтин пикиринде адегенде асылып, андан кийин өлтүрүлөт. Себеби асуу өзүнчө жаза деп эсептелгендиктен, күнөөкөр тирүү убагында ишке ашырылуусу милдеттүү. Адегенде асылып андан соң, көкүрөктүн төмөн жагына саюу менен өлтүрүлөт.

Канча мөөнөткө асып коюлат?

Абу Ханифа менен Шаафеийдин мазхабында үч сутка асылып коюлат.

Эгерде мародер тооба кылса, колго кармалганга чейин өзү күнөөсүн мойнуна алып, алган нерсесин кайтарса, жазадан кутулат. Ал эми тооба кылбастан Ислам сотунун карамагына түшө турган болсо, андан кийин тооба кылса, Ислам соту анын тообасына маани бербейт.

Эске ала турган нерсе, ар бир адам өз бетимче сот болууга, жазаларды өз алдынча ишке ашырууга укугу жок. Сот аркылуу гана ишке ашуусу керек. Ал эми мародерлук кылган учурдагы абалды жогоруда кеңири баяндадык.

Дагы бир зарыл маселе, каракчылык кылып, адамдардын жолун тосуп, жүрөгүнүн үшүн алып мародерлук кылгандарга, ошол каракчылыгын кылып жаткан убакта өлтүрүлсө жаназа намазы окулбайт. Ал эми соттун чечими менен өлтүрүлгөн учурда жаназа намазы окулат. Мултакал абхур (154 б), Ихтияр (98 б), Канзуд дакааик (201 б), Кудуурий (114 б), Мараакил фалаах (554), Ихтиссаарур ривая (223).

Ошондой эле жаназасы окулбагандардын катарына, адилеттүү падышага (улуу имамга) каршы чыккандар, улутчулдук кылып жаңжал салып жатып өлгөндөр кирет. Кээ бир риваяттарда өзүн өзү өлтүргөндөргө да жаназа окулбайт деп айтылат.

Ыйлагандын көзү жаман... дейт. Гезит бети чектелүү болгондуктан мындан ашыкты айта албадым. Менимче жетиштүү го. Ар бирибиз ушул маалыматты он адамга жеткизсек, онубуздун ар бири он адамга жеткизсе, көчүрмөсүн таратсак, геометриялык көбөйүүнүн белгилүү жолу менен ар бир инсанга жетсе Кудай алдындагы аманаттан кутулган болоор элек. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Бир аят болсо дагы башкаларга жеткиргиле!". Оо Кудайым, аманатыңды айттым. Асмандан, жерден келген балээлериңден, адамдардын күнөөлөрү себебинен түшүрө турган азабыңдан сактай көр! Адал ырыскы насип эт. Адамдарга ынсап бер. Арамдан алыс кыл. Абийирлерибизди сакта. Башканын мүлкүнө көз арттырба. Перзенттерибизди адал менен тоюундурууну тагдырыбызга жазган болгой элең. Оо ырайымдуулардын ырайымдуусу. Заалымдарга хидаят бер, тагдырына жазылбаган болсо, пенделериңди андан куткар.

 

Булак: "Айат”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter