22 март 2013, 08:49

2010-жылы 7-апрелде жабыркагандар өздөрүнүн жактоочусу Осунбек Жамансариевди Бакиевдин кошоматчысы аташты

Бул тууралуу бүгүн Акүй чатырында болгон соттук-тергөө экспериментинин жүрүшүндө Марипа Алыйкулова мененКаримжан Стамов билдиришти.

Айтымдарында, алар да тергөө экспериментине катышууга алдын ала арыз беришкен.

«Бирок бизди тизмеден чийип салышты. Биз процесстин түздөн түз катышуучусубуз. Акүй чатырында биз да болушубуз керек эле», – деди Марипа Алыкулова.

Айтымында, 2010-жылы 7-апрелде ал камуфляж жана кара формачан кишилерди өкмөт үйүнө жакын имараттардын чатырында көргөн. Бирок азыр бул фактылар тууралуу эчтемке айтылбай атат. Аял киши ок өкмөт үйүнүн түштүк-чыгыш тарабынан тийгенин айтууда.

Каримжан Стамов нааразылык билдирип, бүгүнкү көчмө отурумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну көздөөдө.  «Сен Бакиевдерди коргоп атасың, кошоматчысың!» – деп кыйкырды жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариевге. Жактоочу көчмө жыйын катышуучуларынын тизмесин түзбөгөндүгүн билдирди. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020