25 март 2013, 07:30

Орозаалы Карасартов, эркин журналист: Жалал-Абаддагы курултайга 15 миң адам катышты

Жалал-Абад    шаарынын ын    «Телтору»  ат майданында   15  миңге жакын  адамдын катышуусунда    элдик  курултай  өткөрүлдү. Курултайга   жети  областтын  тургундарынан өкүлдөр,  саясий  партиялардын лидерлери, кумтөр боюнча  адисттер  катыштып  2005-жылдагы  март, 2010-жылдагы  апрель револициянын сабактары, Кумтөр маселеи жана камакта  жаткан  депутаттардын абалы, Президент А.Атамбаевдин  жүргүзгөн саясаты  талкууланды.   «Эл үнү» кыймылынын лидери  Азимбек  Бекназаров  эки  революциянын тарыхын айтып келип, бирок  анда коюлган максаттарга толук жетпей жаткандыгын, улам эле бийликке ошол адамдар келип алып  тескери саясат  жасап жаткандыгын айтып, « биз бийликти эле сындай бербей ушул бийликти  шайлаган элдин  өзүнөн  да сурап көрбөйлүбү»  деген маселе койду. Президент  А.Атамбаевдин   «реваншист»  деп  кимди айтып жатканы  түшүнбөй жатканын айтты. Равшан Жээнбеков  эл аралы уюмдардын  изилдөөлөрүнө таянып   Кыргызстандын экономикасы ,билим деңгээли  төмөндөп жатканын мисалдап берди.  Чыгып  сүйлөгөндөр  сот системасында,экономикада, парламенттик башкарууда  реформа  жүрбөй,  парламенттик-президенттик  башкаруу системасы   тез арада  эле  бузулуп  бийлик Президенттин колуна топтолгонун  айтып сындап чыгышты.  Кумтөр маселеси боюнча чыгып сүйлөгөндөр    туура эмес, Канадалыктардын кызыкчылыгына ылайык келишим түзүлгөнүн анда азыркы бийликтин ошол учурдагы  да азыр да катышы бар экенин   айтышып,  кен өндүрүүдө  экологиялык орду толгус зыян келтирип, анны азыркы өкмөт азайтып көрсөтүп жатканы айтылды.  Саясатчылар элди бөлүп-жарып жатканы белгиленди. Акыйкатчы   Турсунбек Акундун  ортомчулук кылуу  далалаты   курултайдын катышуучулары  тарабынан  колдоого алынган жок.  Президенттин дарегине,+кмөтккө ( Ж.Сатыбалдиев,Т.Сариев) жана ЖКнын төрагасы А.Жээнбековго  карата кескин, катуу   сындар айтылды.

Курултайга А.Кэлдибеков, А.Мадумаров, Э.Бөлөкбаев, О.Жолдошев, Б.Асанов  жана башка белгилүү  коомдук, саясий ишмерлер катышты.  Жыйынтыгында  8 бөлүмдөн турган төмөндөгүдөй  талап кабыл алынды.

1.Эки элдик ынкылап өз максатына жетпегени, азыркы мамлекеттик бийлик башындагылар  эки ынкылаптап  сабак албагандыгы белгиленсин;

2010-жылдын апрель  революциясынан кийин үй-бүлөлүк башкаруу системасы, башкаруунунун парламенттик системасына өткөндүгү,бирок, парламенттеги  айрым партиялык партиялык фракция жетекчилеринин  жеке партиялык кызыкчылыктарынынын айынан азыркы Жогорку Кеңеш өлкөдө башкаруунун парламенттик  бийлигин орното алган жок.  Жыйынтыгында, өлкөдө кайрадан жеке президенттин  авторитардык бийлигине өтүп бара жаткандыгы белгиленсин;

3.Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги (Кыргыз +кмөтү) Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык түзүлүп,эгемендиктин доорунда  өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруунун орношуна, корупциялык схемалар менен элдин байлыгынын тонолушуна, кыргыз жеринин бүтүндүгүнүн бузулушуна, саясий куугунтуктардын жүргүзүлүшүнө, шайлоолордун бурмаланышына жана башка кыргыз бийлигиндеги  жат көрүнүштөрдүн өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз  же кыйыр салым кошушкан мурдагы эки бийликтин шыпырындыларынан тазалансын;

4.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 1-пункутуна ылайык, 10 миң шайлоочу тарабынан  даярдалган «Кумтөр» кен байлыгына байланыштуу  мыйзам   долбооруна тиешелүү чечимди Борбордук   шайлоо  комиссиясы   2013-жылдын 7-апрелине чейин  берсин. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши апрель айы ичинде  бул  мыйзамды Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн карасын. «Кумтөр» маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилгенге чейин  башка кен байлыктарды  чет элдик инвесторлорго берүүгө,мораторий жарыялансын;

5. «Кумтөр» маселесин көтөргөндүгү боюнча бийлик тарабынан саясий куугунтукка  кабылышкан Жогорку Кеңештин депутттары Камчыбек Ташиев,Садыр Жапаров,Талант Мамытов, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев,ошондой эле атуулдар Б.Исаев, К.Камчыбеков, З.Кадырбаев   сот тарыбанан толук акталсын;

6.Ушул элдик  курултайдын чечиминин аткарылышын көзөмөлдөө «Эл үнү» саясий кыймылынын штабына жүктөлүп, ар бир пункт боюнча аткарышы  массалык  маалымат  каражаттары аркылуу  жалпы элге жарыяланып турсун;

7.Эгерде  элдик курултайдын чечимдери бийлик тарабынан аткарылбаса,жер-жерлерде элдик бийлик орнотулсун;

8.Жогоруда аталган чечимдерди ишке ашырууда провакацияларды уюштуруучуларга, чагымчыларга жана морадерлорго жол берилбейт. Алар эл душманы катары бааланып,эл алдында жазаланат.


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020