25 март 2013, 07:34

Адахан Мадумаров: "Атамбаевди президент кылып эл эмес, компьютер эле шайлаган"

"Алмаз Атамбаев эмнегедир акыркы учурларда бир нерседен чочулап, "Мени эл шайлаган!" деп кыйкыра баштады",-деди бүгүн Жалал-Абадда өткөн Элдик курултайда саясатчы Адахан Мадумаров.

"Аны эл шайлаган эмес, кайсы айыл кимге канча добуш бергенин биз билебиз. Атамбаевди компьютер эле шайлаган. БШКда аларга керек жыйынтыкты комьютер эле чыгарып берген. Мурунку БШКнын жетекчиси Акылбек Сариев биринчи шайлоо кандай жасалган чындыгын айтып бербедиби. Экинчи чындыкты мародерлор боюнча ошол кездеги ички иштер министри Зарылбек Рысалиев айтып берди. Ушинтип чындыктар акырын ачыкка чыга берет. Ошондуктан Атамбаев "Мени эл шайлаган!" деп көп кыйкыра бербесин..", - деди Адахан Мадумаров.




Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020