25 март 2013, 08:58

Европа бирлиги Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашырат

Европа бирлиги жана Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик каржы башкармалыгын колдоо жана социалдык коргоо программасы боюнча каржылык макулдашууга кол койду. 

Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, техникалык жардам көрсөтүү командасына мамлекеттик каржы башкармалыгы боюнча ага эксперт, жетекчи  - Хенни Матерс, социалдык коргоо боюнча ага эксперт - Мел Казенс жана социалдык коргоо боюнча эксперт - Нузгүл Чолпонбаева кирген.

Бул команда Кыргызстандын өкмөтүнө 2013-2014 – жылдары мамлекеттин министрлик тармагы аркылуу колдоо көрсөтүшөт.

Жаңы долбоорду ишке ашыруудагы Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлигинин негизги тапшырмасы - социалдык жардамдын даректүүлүгүн жакшыртуу, социалдык коргоо секторун башкармалыгын жакшыртуу жана социалдык кызматтарды берүү.  (И.Н)


Источник:kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020