25 март 2013, 09:48

Ак үйдөгү ачкачылык

Эл депутаттарынын "ишмердигинин" айынан ЖКнын аброю эңшерилип жатканы аз келгенсип, эми депутаттардын жардамчылары менен фракциялардын секретариаттарынын кызматкерлери ич ара кармашып, жакалашып, ачкачылык жарыялап Акүйдүн ичин ызы-чууга толтурушууда. Жетекчиликти көзгө илбей, "өзүлөрүн өзүлөрү билип, өтүгүн төргө илип", ЖК кызматкерлеринин профсоюзун талашып, "арадай жерге чарадай" чаң салып жаткандар тиягындагылары да, биягындагылары да "Ата-Мекен" партиясынан кызматка келген эргулдар экен. 

"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов, аталган фракциянын секретариатынын кызматкери Нурдин Дүйшөнбеков учурдан пайдаланып, профсоюздун ишиндеги кемчиликтерди көтөрүп, кетирген каталыктар үчүн профсоюздун төрагасын (ал дагы "ата-мекенчи") кызматтан кетирүү үчүн аракеттерин башташат. Акыры профкомду оодарып түшүү түйшүктүү болгондуктан, жаңы профсоюз уюмун түзүүнү тура көрүшөт. 
Партиялаштары А.Шыкмаматов юстиция министри болуп турган соң каттодон өткөрүү суранычы илгиртпей аткарылып, бири төрага, бири орун басар болуп чыга келишет. Анан, "аппетит тамак жей баштаганда келет" демекчи, өзүлөрүн жаңыдан профсоюздук босс катары сезине баштаган эки эргулга мурунку ЖКнын катардагы кызматкерлерине тиешелүү маяна менен статус жетишсиз көрүнүп, кызматтык унаа, атайын иш бөлмө талап кылышып, акыры ачкачылык жарыялаганга барышты. 
ЖКдагы ачкачылык айлана-чөйрөдө кеңири талкууланып, окуянын каармандары туураалуу маалыматтар да ачыкка чыкты. Көрсө Райкан Төлөгөновдун мурдагы жардамчысы, азыркы кезде өзүнүн демилгеси менен түзгөн профсоюзунун төрагасы Н.Асанов да "жөнөкөй" адам эмес экен. Убагында анын үстүнөн "шылуундук", "бирөөнүн менчигин ээлеп алуу беренелери" менен иш козголуп, кылмыш иши жакында эле, 2012-жылы ("за истечением срока давности") жабылганы белгилүү болуп отурат. Жогорку билими жок, жасалма документ менен кызматка киргендиги тууралуу шектенүүлөр болуп жатканы айтылууда. 
Кеп чынында, "мародерлуктун чуусу жаңыдан бас-бас болуп келе жатканда "ата-мекенчилерге" жаңы чатакты башталышынын түк кажети деле жок эле" дегендер андан көп. "Устатынан шакирти өтөт" дегендей, "ата-мекенчи" депутаттардыкы жетишпей жаткансып, эми жөнөкөй кызматкерлеринин айынан ортодо пайда болгон эки профсоюздун тиреши ЖКдагы климатты андан ары бузду. Р.Төлөгөнов деле Н.Асановго "сен эмес, өз башымдын азабын тартканым жетет, же тынчы, же кет (!)" дегенсиген экен. Аны деле "жардамчыңды кой десеңчи дегендерден кутулуш үчүн гана айтты" дешет. Шефтерине каршы "компроматтарын" катып жүргөн азаматтар чоңдоруна жоопторун кайтарып "татыктуу ответка" даярдап коюшканын айтышат. 
Акыркы кездердеги маалымат согушунда катуу жабыркап, эл алдындагы аброю кескин төмөндөп кеткен "Ата-Мекен" партиясы ушу кейпинде жүрүп отурса кийинки шайлоодо парламентке өтөөрү арсар. Андыктан Өмүрбек Текебаев кексе саясатчы катары кийинки келечеги тууралу эмитеден ойлонуп, аракеттенип, максатына жеткирүүчү "жол картасын" эбак чийип койгондой.
Анүчүн ал, биринчиден, партиясын башкаруучу коалициянын курамында сактап калып, кийинки парламенттик шайлоодо бийликтеги Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы менен бирге адмресурсту колдонууга жетишүү. Экинчиден, "Шайлоо кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизип, партиялардын блокторго биригип, шайлоого катышуусун камсыздоо. Бул ишти да Өмүкең баштап, Данияр Нарынбаевдин оозу менен айтырууда. Үчүнчүдөн, жеке бийлигин бекемдөөгө жетишүү. Мунун эң чукул, мүмкүн болгон жолу - спикерликти алуу. 
Анүчүн, жок дегенде азыркы спикердин тынчын алып, кол алдындагылар аны көзгө илбей жакалашып, аппарат башкарылбай калгандай көргөзүп, анан, "мына карагылачы, таптакыр эле башкара албай калды", деген кептерди таратып, "спикерди кетирбесе болбой калды" деген пикирге ажоону ишендирүү пландалгандай. Анын үстүнө, азыркы спикер Асылбек Жээнбеков өзү да жакшы иштей албай, туш-тараптан сынга кабылууда. Айрым серепчилер түз эле Жээнбековдун жетекчи катары жөндөмсүздүгүн айтышууда. Мындай шарттан пайдаланбай, Текебаевде жан жокпу?
"Ата-Мекен" партиясынын жетекчилигинин дагы профсоюз чатагынын тыйылышына көңүлкош (ырбашына кызыкдар десек тура болмокпу?) болуп жатышынын себеби да эки жылдан кийин болучу парламенттик шайлоого (демек, бир жылдан кийин башталуучу шайлоо марафонуна) байланыштуу болушу мүмкүн деген сөздөр айтылууда. Башында президент күч алып турган маалда саясый наркы төмөндөгөндөн төмөндөп бараткан Ө.Текебаев коомдо нааразычылыктар күч алып, А.Атамбаев алсыраган сайын жанданып күчтөнө баштаганы ачык эле байкала баштады.
Ошентип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн кийин шайланган беш фракциялуу Жогорку Кеңеш (ЖК) өз ишин баштаганы үч жылга кетти. Парламенттик системага өтүү оңойго турбайт окшоп калды. "Ачык-айкындуулук, демократия деген ушу экен" деп эмоцияга алдырган депутаттарыбыз да аянбай "катуу" эмгектеништи, аянышкан жок. Бири биринин айыбын чукуу, абийирин төгүү жагынан алдыларына ат салдырыша элек. Атайын тапшырма беришип (эл көрсүн деп), эфирге чыгарган пленардык жыйындарда депутаттардын көпчүлүгүнүн бетине көө жабылып, эл өкүлү деген наамга татыксыз экени айгинеленди. Натыйжада ЖК тууралуу коомчулуктун көңүлү ирээнжип, "булардын барынан жогу, таратыш керек" деген пикирлер туш тараптан айтыла баштады.(М.Э)


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020