25 март 2013, 10:04

2010-жылы апрель окуясында УКМК 5 млн. сом чыгымга учураган

2010-жылы апрель окуясында УКМК 5 млн. сом чыгымга учураган. Бул тууралуу бүгүн соттук отурумда маалым болду.

Маалымат боюнча, апрель окуясында УКМКнын бир нече кызматтык машинасы уурдалып, сатылып кеткен жана имараттын мүлктөрү, эшик-терезелери өрттөнүп жарактан чыккан. Тактап айтканда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине келтирилген жалпы материалдык чыгым, оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин эске алганда, 5 миллион 785 миң 739 сомду түзгөн. Ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматы да 12 миллион 140,5 миң сом материалдык чыгымга учураган. 


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020