25 март 2013, 10:13

Равшан Жээнбеков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты: "Мен атамдын да, апамдын да баласы эмесмин"

  Адатта кыргыз кичинекейден "кимдин баласысың?" деп сурай берет го. Сиз андайда кимдин баласы болчусуз? 

- Мен атамдын да, апамдын да баласы эмес болчумун. Себеби, кыргызда биринчи баласы төрөлүп, торолгондон кийин аны ата-энесине берип койгон бир салт бар эмеспи. Ошол сыяктуу мени да ата-энем чоң апам менен чоң атама берип койгон экен. Ошентип, мен ошолордун баласы болуп калгам. Турмушта мага көп нерселерди: мал бакканды, кой сойгонду, эт жиликтегенди, чөп чапканды, устукан тартканды ушул кишилер үйрөткөн. Атүгүл алардын колундагы жалгыз элгенчиси болгондуктан, кээде мени чоң энем кыз баладай тамак-аш жасаганга да жумшап коёр эле. 
- Демек, ата-энеңиз шаарда, сиз айылда чоңойгонсуз? 
- Ооба, мен кичинекейимден тартып айылда өстүм. Ал жактагы ар бир бала катары сарымсак отургузуп, пияз өстүрүп, картошка бактым. Азыр айылда мектептин, оорукананын, айыл-чарбанын, спорттун, суунун абалы алда канча оор эмеспи. Биздин учурда мындан бир аз башкачараак болчу. Анда айылда бир жарым миңге чукул түтүн бар эле, ошол бир жарым миң түтүндүн 30 миңге жакын кою бар болчу. Жыл сайын окууну бүтөөрүм менен мен кыркынга "айдоочу" болуп иштечүмүн. 5-6 бала менен бирге койлорду кыркынга айдап киргизип берчүбүз, анан кайра алардын кыркылган жүндөрүн пресстөөчү цехке ташычубуз. Көрсө, ошол 30 миң кой жана кыркындан кийин тоо-тоо болуп үйүлүп калган алардын жүнү эле өзүнчө бир чоң потенциал экен да. Азыр тилекке каршы, алдыга жылууну үмүт кылып канчалык умтулган сайын тескерисинче, артка кетип жатпайбызбы.
- Мектепте алдыңкылардан болгонсуз дейли. Кайсы сабактар жакчу? 
- Ооба, жалпысынан жакшы окугам. Мектептин комсоргу, класстын класскому катары аябай активдүү элем, анан да көп уюштуруу иштери менин моюнумда болчу. Гуманитардык сабактардын баарын сүйүп окучумун, ал эми химия, физика, математика, биология сыяктуу так илимдерге анча жок элем. Кийин Россияда, Америкада окуганда ушунун таасири тийди. Көрсө, чет өлкөдө билим алам деген адам дал ушул так илимдерге өзгөчө басым жасашы керек экен.
- Атаңыздан же чоң атаңыздан эсте каларлык таяк жеген учур болду беле? 
- Таң калыштуусу, мен турмушта атамдан да, чоң атамдан да келтек жеген эмесмин. Атүгүл алар мени эркек катары бир да жолу өйдө карап урушпаптыр. Мүмкүн буга мен жеткирген эместирмин, мүмкүн алар бири баласы, бири небереси катары мени ушунчалык жакшы көрүшкөндүр, балким, алардын мүнөздөрү ушунчалык сабырдуудур деп ойлойм.
- Анда эркек катары таяк жеп калган көрүнүштү эстеп берсеңиз... 
- Албетте, эркек адам болгондон кийин келтек жебей өтүп кеткен жашоо болбойт. Айылда бир класс өйдө-ылдый окугандар арасында бир аз бейбаштыгыбыз болор эле, бирок, биз анда таяк жечү эмеспиз. Себеби, биздин жана бизге параллель класста окуган балдар көп болчубуз. Ошол 40ка жакын бала эгер туура эмес иш кылса, өзүбүздөн беш жашка чейин улуу балдарды да тарбиялап коюга мүмкүнчүлүк бар эле. Андыктан, баары бизден сестенип турушчу. Ошентсе да келтекти мен Фрунзеге келгенде жегем. Бир учурда айылдыктар менен шаардыктардын ортосунда айырма көрүнүктүү болуп, бул жакта "айылдык мырк" деген түшүнүк күч алып кеткен. Ойлоп көрсөм, шаардыктар ошондо бизге караганда чын эле бир топ өнүккөн экен да. Анан эле айылдыктарды көрсө баса калып сабап салууну адат кылышкан. Мен да ошондой учурга кабылып, бир жолу катуу таяк жегем. Бети-башыма чейин уруп кетишкен. Жада калса бир аз суук болсо эле эриним, аны менен бирге ошол жырылуудан калган так да жарылып, ошондогу оозго тийген муштумдун азыркыга чейин кесепети тиет.
- Сиз канча жогорку билимдин ээсисиз? 
- Чет мамлекетте окуу тууралуу максат менде мектепте окуп жүргөндө эле бар болчу. Алгач Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөм. Андан кийин Россиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияда дипломаттык боюнча, кийинчерээк Американын Массачусетс технологиялык институтунда башкаруучу катары билим алгам. 
- Сиз сүйүүгө кандайча жолуккансыз? 
- Менин өмүрүмө так калтырган адам бул - менин жубайым Салкын. Ал коңшу Жайылган деген айылдан болчу. Биз мектепте жөн гана тааныш катары сүйлөшчүбүз. Бирок, жогорку окуу жайына тапшырып келген убактан тартып ортобузда жактыруу сезими жаралды. Анан кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, анын экинчи, менин үчүнчү курс кезибизде, так айтканда 1989-жылы баш коштук. Азыр бир үй-бүлө катары түтүн булатканыбызга 25 жылга жакындап калды. Бул мөөнөттү кечирүү ар тараптуу: ары кызык, ары кыйын, ары сыймыктанарлык болду десем болот. 
- Ошол жактыруу сезими жаралган мүнөттү азыр элестетип айтып бере аласызбы? 
- Мен сабактан чыгып жөө басып келе жаткам. Ошол маалда Салкын Акиев-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Финансы техникумунун жанындагы аялдамада туруптур. Экөөбүз кокустан жолуктук. Анан учурашып, сүйлөшүп, ал-ахыбал сурашып туруп калдык. Көрсө, ал ошол маалда Финансы техникумунун экономика факультетинде окуп жатыптыр. Окуу жайдын жатаканасында үч курбу кызы менен жашайт экен. Мен да ал сыяктуу жатаканада үч жолдош балам менен жашарымды айттым. Бир топко созулган ушул баарлашуу биздин бири-бирибизге болгон жактыруунун башаты болду. Ошондон тартып биз курбуларыбыз менен жолдош балдарыбызды да тааныштырып, достоштук.
- Сиздер көбүрөөк сейилдеген жер кайсы эле? 
- Жаш Гвардия гүлбагы болчу. Себеби, биз окуган окуу жайлар, жашаган жатканалар ушул жерге жакыныраак эле да. Анан да Салкын экөөбүз тең кулпунайды жакшы көрчүбүз, ошон үчүн жаз келгенден баштап "Ош базарына" барып, кулпунай сатып алып жей берчүбүз. Ошондой эле экөөбүз тең кино көргөндү сүйчүбүз. Ал учурда Октябрь менен Россия биздин эң сүйүктүү кинотеатрлар болор эле. Бул көрүнүш азыр деле ушундай.
- Эң акыркы жолу кайсы кинону көрдүңүздөр? 
- "Побочный эффект" деген Американын жакшы киносу чыкпадыбы. Жакында эле ошону көрүп келдик. 
- 8-Мартта жубайыңызга эмне белек бердиңиз? 
- Гүл. Кечке маал келинчегимди, анан кичүү эки кызымды алып, бир жакшы жерге барып тамактандык. Ошол жактан аларга гүл белек кылдым. Андан кийин үйгө келип кино көрүп отурдук.
- Балдарыңыз эмне менен алектенишет? 
- Менин бир уул, үч кызым бар. Кичүү кызым бала бакчага барат, андан улуурагы мектепти бүтүп жатат. Ал эми улууларым болсо Америкада жогорку окуу жайда окуп жатышат.
- Сизди депутаттыкка алып келген жол кайдан башталат? 
- Депутат болуу бул - менин бала кездеги максаттарымдын бири. Эгер алдыңа бир чоң максат койсоң, ага жетүү үчүн андан майдараак максаттарды басып өтөт эмессиңби. Аларга менин мектепте алдыңкылардан болгонум жана чет жакта билим алганым кирсе керек. Мен депутаттыкка биринчи ирет келип турган жокмун, буга чейин 2000-жылы, 2005-жылы талапкерлигимди койгом. Биринчисинде кандидатурамды өзүм алып салган болсом, 2005-жылы шайлоону толугу менен утканыма көзүм жетет. Тилекке каршы, ал убактагы бийлик өткөрбөштүн аракетин көрүп, шайлоодон мени утулду кылган. Мындай көрүнүш менде эле эмес, бүтүндөй өлкөдө болбодубу, анан бардык нааразычылык биригип ошондогу революцияны жаратты. Бирок, баары бир маңдайга жазганы бар экен, мына үчүнчү жолкусунда депутат болуп келип калдым. 
- Депутаттын алдыдагы эң чоң планы? 
- Саясатчы катары Кыргызстан элине жакшы шарт түзө турган мамлекетти куруу, ал эми ата катары балдарга татыктуу тарбия берүү. Менин өмүрүм, максатым, ишим ушуга гана байланыштуу.


Булак: kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020